Астика

Википедия дан

Астика (асти деген сөздөн-ал бар жашайт) – Байыркы Индиядагы диний – философиялык системаны жана Веданын абройун моюнга алган, өлгөндөн кийин да жашоо уланаарына, трансценденттик дүйнөнүн жашоосуна ишенген адамдарды туюнткан. Астиканын карама-каршысы –настика. Астикага же ортодоксалдык даршандарга: мимансаны, ведантаны, санкхьяны, йоганы, ньяяны, вайшешикти, кээде Ведада негизделген принциптерге таянган мектептерди кошушкан. Айрым учурда астикага буддизмди, жайнизмди киргизишкен, себеби бул системалардын өкүлдөрү өлүмдөн кийинки жашоого ишенишкен. Кийинчерээк «Астика» деген термин кудайга ишенүүчүнү гана билгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8