Ат-Жайлоо мөңгүсү

Википедия дан

Ат-Жайлоо мөңгүсү - Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызыл-Агын суусунун (Кызыл-Суунун сол куймасы) алабында. Узундугу 7,1 км, аянты 17.6 км2 . Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6080 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Куралуу облусу - Ленин атындагы чокунун түндүктү караган тик капталдуу этеги. «Тилинин» учу (3,6 км2дей жери) морена м-н капталган. Мөңгүдөн Кызыл-Суунун негизги курамынын бири башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1