Аталык

Википедия дан

Аталык - мамлекетти башкарууда жашы жете элек жаш ханзаадаларды тарбиялоочу адамга ыйгарылган жогорку мансап. Аталык өзү тарбиялаган ханзаада бийликке келген учурда анын кеңешчиси катары милдет аткарган. Орто кылымдарда (7-8-к-да, кийин 1519-к-да) Түрк, Батыш Түрк кагандыктарында, Кимак-кыпчак, Огуз, Кыргыз мамлекеттеринде, кийин Хива, Бухара, Кокон, Казак хандыктарында аталык мансабы кеңири колдонулган. Орто Азия элдеринде аталык мансапка ээ болгондордун ичинен эң белгилүүсү - Алымкул Аталык. Кокон хандыгында ордодо аталык мансабын ээлеген Мусулманкул, Алымкул сыяктуу бир катар кыргыз-кыпчак төбөлдөрү тактынын мурасчысы эрезеге жете электе хандын милдетин да аткарып турушкандыгы белгилүү. Кээде ордодогу таасирин бекемдөө үчүн атайылап бийликке жаш ханзаадаларды коюшуп, өзүлөрүн аталык деп жарыялоо м-н хандык бийликти толук колго алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1