Атанаев Токтосун Бегалиевич
Көрүнүш
(«Атанаев, Токтосун Бегалиевич» барагынан багытталды)
Атанаев, Токтосун Бегалиевич - окумуштуу, педагог. 1954-жылы Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Атай айылында туулган.
- 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн.
- 1980-жылдан 1986 жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик медицина институнда физика жана биофизика кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 1986-1990 - жылдары Москва шаарында Н.И.Пирогов атындагы 2-Медициналык мамлекеттик институтун биофизика кафедрасында максатту аспирантураны аяктап, биология илиминин кандидаттык даражасына ээ болгон. 1990-жылдан 1995-жыл ноябрь айына чейин Кыргыз Мамлекеттик медицина институнда физика жана биофизика кафедрасынын окутуучусу, андан кийин доценти болгон.
- 1995 - жылдын ноябрь айынан 1996-жылдын август айына чейин Нарын шаарында Кыргыз архитектура курулушу институтунун филиалынын директору,ал эми 1996-жылдын август айынан баштап Нарын мамлекеттик университеттинде кафедра башчы болуп эмгектенген.
- 1998-2001-жылдары КУУнун ИГУСИ институтунун филиалынын директору.
- 2001-2005-жылдары НМУнун сырттан окуу бөлүмү боюнча проректору.
- 2007-2008-жылдары университеттеги окуу бөлүмүнүн башчысы.
- 2008-жылдан университеттин окуу боюнча проректор болуп иштеген.
Учурда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окуу маселелери боюнча проректор.