Атлетика
Атлетика - жөө жүрүү, чуркоо, секирүү, дискти, найзаны, барсканды ыргытуу, ядрону түртүү, көп күрөш (жеңил атлетика), булкунуу жана силкинүү (оор атлетика) боюнча машыгууларды бириктирип турган спорттун негизги жана массалык түрлөрүнүн бири.
1921-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлгөн.
Олимпиялык оюндарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Жеңил атлетика: Иванов Л. (1964), Барч О. (1968, 1972), Колпакова Т. (1980), Чернецкий Н. (1980), Сысоева М. (1980).
Оор атлетика: Осмоналиев К. (1980).
Дүйнөлүк чемпионаттарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери:
Оор атлетика: Осмоналиев К. (1978, 1979, 1980, 1981), Ли С. (1981, 1982).
Маалымат булактары:
Д. Өмүрзаков. Физкультура жана спорт. Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы. Энциклопедия. Фрунзе, 1983. 261-266 бб.
