Атман

Википедия дан

Атман (санскр. आत्मन्, дем, жан, өзүнчө) – индус философиясындагы жана индуизм дининдеги негизги түшүнүктөрдүн бири.

Атман тууралуу окуу «Ригведадан» башталган, анда Атман турмуштук рух, жашоонун деми дегенди билдирет. Упанишадаларда Атман индивидуалдык жан, кишинин денеси, ойго жык толгон «Мен», ал эми брахман космостук жан катары түшүнүлөт. Веданта индивидуумдун түбөлүктүү, өзгөрбөгөн рухий маңызын билдирген Атманды космостук (обьективдүү) рухий башталма деп эсептелген брахман менен бирдейлештирген, буддизм болсо Атманды танган.

Атман жөнүндөгү окуу индуизмдин ортодоксалдык мектептеринде өнүктүрүлгөн, аларда Атман «Мен» Жан катары кишиде, бардык жашагандарда, кудайда, брахманда катылып, сиңирилет деген жобо негизги орунда турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]