Атомдук абсорбциялык спектралдык анализ

Википедия дан

Атомдук абсорбциялык спектралдык анализ – атомдон чыккан hn белгилүү жыштыктагы (hn) нурдун (hn) интенсивдүүлүгүнүн (lo), ошондой эле изилденүүчү атомго сиңирилишинин натыйжасында өзгөрүшүнө негизделген. А.а.с.а. схемасын төмөндөгүдөй көрсөтсө болот: жарык булагы (1) атомдоштургуч (2)  монохроматор (3) кабыл алгыч (4). Жарык булагынан изилденүүчү элементке таандык болгон нур сызыктуу спектри чыгарылат. Атомдоштургучта анализге алынган үлгү сырттан берилген энергиянын таасиринен бууга айландырылат. Бууга айланган атом (А) берилген нурду сиңирүү менен дүүлүкөн абалга өтөт: A+hv=A*, h-Планк турактуулугу, v=(Е*-Е)/h, Е* жана Е-дүүлүккөн жана негизги абалдагы атомдор энергиясы. Атом дүүлүккөндө электрон негизги деңгээлден жогорку деңгээлге өтөт. Анын негизинде үлгүгө берилген жарык энергиясынын интенсивдүүлүгү азайат (J). Жарыктын жутулушу Ламберт-Бугер-Бээр законуна баш ийет: D=lg(Jo/J)=elc. D-чөйрө оптикалык тыгыздыгы; l - чөйрө калыңдыгы; e-дүүлүгүүнүн мүмкүнчүлүгүнө түз пропорционалдуу чоңдук, ал электрон негизги деңгээлинен ага жакын «резонанстык сызык» деп аталган деңгээлине өтүшүнө туура келет (мис., натрий үчүн 3s-3p(589нм): экинчиси 4s-3p(330 нм); ошондуктан а.а.с.а. методу менен 589 нмге караганда 330 нм сызыкта натрийди аныктоонун мүмкүнчүлүгү 100 эсе жогору). Демек, А.а.с.а. сезгичтүүлүгү абдан жогору. Монохраматордо спектрден ар бир изилденүүчү элементке таандык болгон бөлүгү алынат. Кабыл алгычта-нур электр энергиясына айландырылып, изилденүүчү элементтин саны табылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]