Атомдук спектрлер

Википедия дан

Атомдук спектрлер – эркин жана бош байланышкан атомун электромагниттик нурду чыгаруусунда же жутуусунда алынган оптикалык спектрлер (мис., газ же бууда). Алар сызыктуу болушат, атомдун энергетикалык деңгээлдерининин энергиясы Ei же Ek га болгон деңгээлдердеги кванттык өтүүгө туура келүүчү: hn=Ei-Ek нур чыгаруу жыштыгы менен мүнөздөлүүчү айрым спектрдик сызыкчалардан түзүлөт. h-планктын турактуу саны. Спектрдик сызыкчаны, о.эле толкун уз. l=с/n (с-жарык ылдамдыгы, толкун саны 1/l=n/с жана фотон энергиясы hn (ЭВ) менен мүнөздөөгө болот. Типтүү атомдук спектрлер, көрүнүүчү, УФ жана жакынкы ИК- аймактарында байкалат. Бөлүнүп чыгуучу же эмиссиялык спектрлер, ар кандай методдор менен атомду дүүлүктүрүүдөн алынат. Жутулуучу же абсорбциялык спектрлер - үзгүлтүксүз спектрди берүүчү электромагниттик нурдун атомардык газдар же буулар аркылуу өтүшүндө алынат. Ар бир элементке өзүнүн нейтралдуу атомунун спектрлери туура келет (жаа сымал спектр). А. с. бардык кванттык өтүүлөр көрсөтүлбөйт, эреже б-ча уруксаат берилген гана өтүүлөр көрсөтүлөт. Өтүүлөрдүн мүмкүнчүлүгү кванттык механика методдору менен эсептелинген. Тышкы электрдик жана магниттик талаалардын таасири менен спектралдык сызыкчылар ажырайт. Козгоочу факторлор спектрдик сызыкты кеңейтет жана жылыштырат. Спектр сызыгынын жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн аныктоого негизделген методдор, спектроскопиянын ар түрдүү маселелерин: моно электрондук атомдун спектрлеринин жалпы системасын өткөрүүдө; козголгон абалдын жашоо убактысын жана өтүү мүмкүндүгүн табууда; атомдун дүүлүгү механизимдерин изилдөөдө: ядролук моменттерди ченөөдө колдонулат. А.с. заттын элементтик курамын сапат жагынан аныктоодо, ал эми сызыктын интенсивдүүлүгүн нур чыгаруучу атомдун концентрациясына жараша - сан жагынан анализдөөдө (спектрдик анализ) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]