Атомистика

Wikipedia дан

Атомистика – дискреттүү, материянын үзгүлтүктүү түзүлүшү жөнүндөгү окуу (атомдор жана башка макробөлүкчөлөр).

Атомистика деген түшүнүк байыркы Индиянын ньяя, вайшейшика философиялык агымдарында берилген. Кийинчерээк Левкипп, Демокрит, Лукреций, Эпикур ж. б. антикалык философтор, атомистиканы толуктап жана бир негизге келтиришкен. Алар Атомдор бөлүнгүс, чектүү жана эң майда бөлүкчөлөр, ал бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деп эсептешкен.

Атомдордун аздыгынан же көптүгүнөн, салмагынан, ылдамдыганан жана бири-бирине болгон жайгашуусунан заттардын ааламдагы чексиз түрлөрү түзүлөт деп түшүндүрүшкөн. 17–19-к. Гассенди, Ньютон, Ломоносов, Дальтон, Бутлеров, Менделеев сыяктуу илимпоздордун заттын физикалык жана химиялык түзүлүшү жөнүндөгү теорияларында Атомистика түшүнүгү жаңы өнүгүүгө ээ болгон.

Атомистика ааламды түзгөн негиз катары атомду алгандыктан ал “атом башталгыч түрүндө өзгөрүлгүс” деген түшүнүктү берет, ошондуктан Атомистика көбүн эсе метафизикалык көз-караш. Биздин учурдагы Атомистика заттын, сандын сапаттын чексиздигин далилдеп, “атом башталгыч түрүндө өзгөрүлгүс” деген түшүнүктү четке кагат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]