Аттуу сан

Википедия дан

Аттуу сан — каралып жаткан чоңдуктун өлчөө (чен) бирдиги кошо көрсөтүлүп жазылган сан.

Ал жөнөкөй сан жана курама сан болуп бөлүнөт. Чоңдуктун сан мааниси өлчөөнүн бир бирдиги аркылуу туюнтулса (Мисалы 6 г, 19 см., 20 тыйын) жөнөкөй, ал эми бир нече бирдиктери аркылуу туюнтулса (мис., 3 м 15 м, 2 т 4 кг 320 г, 6 сом 40 тыйын, 1 с 15 мин 30 сек) курама аттуу сан деп аталат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004