Атышов, Көбөгөн

Википедия дан

Атышов Көбөгөн (10.10.1949-ж. т., Кочкор району, Талды-Булак айылы) — экономист, экономика илимдеринин доктору (1992), профессор (1997).

1971-ж. КМУнун география факультетин бүткөн. 1971-72-ж. Кочкор районундагы орто мектепте мугалим, 1972— 76-ж. Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, 1976— 95-ж. Кыргызстан УИАнын Экономика институтунда кенже, илимий, улук, жетектөөчү, башкы илимий кызматкер, УИАнын президиумуна караштуу Жаратылыш ресурстарын иликөөо жана өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары.
1995-жылдан Кыргызстан агрардык академиясынын экономика факультетинде профессор, 1996-жылдан ушул эле окуу жайында уюштуруу жана маркетинг кафедрасынын башчысы.
Анын илимий эмгектери жаратылыш байлыктарын экономикалык жактан баалоо жана сарамжалдуу пайдаланууга, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө жана натыйжалуу жайгаштырууга, туризм географиясынын ар кыл маселелерин талдоого арналган.

70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, 1 окуу китеби, 7 коллективдүү монография) автору. Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги (1994), түрк элдеринин олимпиадалык комитетинин 1-вице президенти (1997).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.