Ат-Башы, суусу

Википедия дан
Ат-Башы

Ат-Башы суу агымдары–Ат-Башы районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180км, алабынын аянты 5540км2. Нарын кырка тоосу менен Жаңы-Жер тоосунан башталган Улан жана Жаңы-ЖеР сууларынын кошулушунан түзүлүп, чыгыштан батышка карай агат. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агып, дарыя жээктей арча, карагай токою өсөт. Босого капчыгайынан өткөндөн кийин жайылмасы кеңейип, бир нече салааларга бөлүнүп, нугу кеңейет (0,5–0,9кмге чейин). Каракоюн суусу кошулгандан кийин түндүккө карай агып, Кептешке жеткенде кайрадан бир нукка түшөт. Суу тартылган мезгилде Өзгөрүш кыштагынын тушунан кумга сиңип кетип, 6км төмөн кайрадан нукка түшөт. Жалпы узундугу 393км келген 202 майда куймасы бар. Ири оң куймалары: Көлмө (48км), Улан (30км), Бороонду (28км), Көк-Жар (25км), Башача, Ача, Ичкесуу жана башкалар; сол куймалары: Жаңы-Жер, Балык-Суу, Бешбелчир, Туюкбогошту (26км), Ачакайынды, Терек-Суу (23км), Каракоюн (81км). Алабында Көл-Төр, Кош-Көл, Жашыл-Көл, Кокуй-Көл сыяктуу чакан көлдөр, жалпы аянты 113,7км2 келген 284 мөңгү бар. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 33,2м3/сек, эң көбү 47,6м3/сек, эң азы 23,9м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Кептешке Ат-Башы ГЭСи курулган. Боюнда Ак-Муз, Ак-Моюн, Бирдик, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш кыштагы, Достук шаарчасы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]