Аудиометрия

Википедия дан

Аудиометрия угуу органдарынын үндүн ар кандай кубаттуулугун кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн текшерүү. Жөндөмдүүлүк кабыл алуунун башталышы менен аныкталат. Ошондуктан анын милдети — ар кандай кубаттуулуктагы үндүн башталышын табуу, угулган үндүн эң аз күчүн аныктоо.
Аудиометрияда негизинен сүйлөө аркылуу жана ар кандай камертондордун жардамы менен үн угуу жөндөмдүүлүгү аныкталат. Үн угуу жөндөмдүүлүгүн сүйлөө менен аныктоо практикада көп колдонулат. Азыркы мезгилде үндү кабыл алууну аудиометрдин жардамы менен текшерет. Ал метод башка методдорго караганда өтө так. Аудиометриянын жыйынтыгы аудиограмма түрүндө жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8