Ауэзов Муктар

Wikipedia дан

Ауэзов Муқтар (1897, Абай району, 1961 – Москва) – қазақ элинин жазуучусу, көрүнүктүү оқумуштуу, қоомдуқ ишмер.

1946 ж. - Қазақ ИАнын академиги
1957 ж. - Қазақстандын илимге эмгек сиңирген ишмери
1959 ж. - СССРдин көркөм адабият жаатындағы Сталиндик Лениндик (1959) сыйлығынын лауреаты.

Чығармачылық жолун 1917-ж. “Эңли-Кебек” аттуу пьеса жазуудан баштаған, өмүр жолунда көптөгөн аңгеме, очерк, повесть, драма, роман ж. б. жаратып, бай мурас қалтырған. Айрықча анын “Абай жолу” аттуу төрт бөлүмдөн турған роман-эпопеясы (1955–65) дүйнө элдеринин көп тилдерине қоторулуп, жазуучуға зор атақ-даңқ алып келген. Ауэзовдун ысымы көрүнүктүү оқумуштуу қатары да илим дүйнөсүнө кеңири белгилүү. Ал қазақ адабияты боюнча алғачкы оқуу китептеринин авторлорунун бири, анын қалеминен қазақ жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналған ондоғон эмгектер жаралған.

Ауэзов өз өмүрүндө қырғыз элинин белгилүү интеллигенттеринин, айрықча биринчи муундағы белгилүү жазуучулардын дээрлик баары менен тығыз байланышта болуп, таттуу алақада жүргөн. Чығармачылығына баалуу пикирлерди айтып, керек учурда жөлөк-таяныч болғон. Қырғыз жазуучу-ақындары да анын кеп-кеңештерин жоғору баалап, урмат-сый менен мамиле қылышқан. Ч. Айтматовдун келечектүү талант экендигин алғачқылардан болуп көрө билип, қолдоо көрсөткөн. А. 20-жылдардан тартып эле қырғыз жергесине көп қаттап, қырғыз фольклоруна, адабиятына қызығып, айрықча "Манас" эпосун изилдөөгө чоң салым қошқон. Ауэзов Ленинград университетинде оқуп жүргөндө Қырғызстанға келип, ошол кезде қағаз бетине түшүрүлгөн Сағымбай манасчынын варианты менен кеңири таанышып чыққан. Ошондон тартып “Манас” проблемаларына бир нече жолу қайрылған. Көптөгөн жылдарға созулған изилдөөсүнүн жыйынтығын “Киргизская народная героическая поэма “Манас” аттуу көлөмдүү изилдөөсүндө қорутундулап берген. Оқумуштуунун бул фундаменталдуу эмгеги манастаануу илиминде бүгүн да өзүнүн терең маанисин сақтап келүүдө. Эмгек Ауэзовдун 1959-ж. жарыяланған “Мысли разных лет” аттуу жыйнағында биринчи жолу жарық көргөн. О. эле “Манас” эпосуна атайын арналып, Москвада басмадан чыққан “Киргизский героический эпос “Манас” аттуу жыйнаққа киргизилген. А. бул улуу эстеликти жаратқан, өстүрүп-өнүктүргөн, уқумдан-туқумға өткөрүп сақтап келген манасчыларға тиешелүү жалпы маалыматтарды ошол көркөм сөз өнөрчүлөрдүн чығармалық өзгөчүлүктөрүн талдоого алат, Келдибектен баштап, Балық, Найманбай, Ақылбек, Тыныбек, Сағымбай, Саяқбай ж. б. белгилүү жомоқчулардын өмүр-жолуна, өнөр ээси қатары өзгөчөлүктөрүнө, манасчылық кесиптеги түш көрүү, үйрөнүү, мектеп ж. б. маселелер боюнча илимий баалуу пикирлерин ортоғо салған. Эмгектин “Поэманын мазмунуна қысқача талдоо” деген темадағы экинчи бөлүгүндө чығарманын негизин түзгөн оқуяларға тоқтолот, сюжеттик нуқту 6 чоң темаға бөлүп, ар бирин талдооғо алып, мүнөздөмө берет. “Манас” эпосуна тиешелүү көп талаш-тартыштарды туудурған маселе чығарманын пайда болуш доору. Ауэзов эмгегинде бул проблемаға кеңири тоқтолуп, өз ойлорун иштин 3-бөлүмүндө “Манас” эпосунун пайда болуу доору жөнүндө” деген темада берген. Ауэзовдун пикири боюнча эл тарыхы менен тығыз байланышта жаралған жана өсүп-өнүккөн “Манас” эпосу өз мазмунунда қырғыздардын тарыхы жолундағы көптөгөн урунттуу учурларын сақтоо менен негизги өзөгү 840-жылдан кийинки оқуяларға таандық, б. а. анын жаралышына 1110 жыл болду дешке мүмкүн деп эсептейт. Эмгектин төртүнчү бөлүгүндө “Манас” эпосундағы мүнөздөр м-н образдар, ал эми ақырқы 5-бөлүгүндө чығарманын көркөм ықтары талдооғо алынған. Ауэзовдун қырғыз элине, анын маданиятына, “Манас” эпосуна қандай зор урматтоо менен мамиле қылғанынын таасын далилин “Манастын” бар же жоқ болуу маселеси күн тартибине қоюлғанда (1952) жалпы союздуқ илимий конференцияға москвалық оқумуштуулардын делегациясынын қурамында келип қатышып, сөз сүйлөп, аға арачы болуу далалатынан да көрүүгө болот. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ауэзов өзү “Манасты” изилдеп үйрөнүү ишине 30-жылдын башынан киришкенин, кийин ал иши бир нече жолу толуқталғанын айтып, ал кезде қолдоғу жалғыз вариант С. Орозбақовдон жазылған тексттер болғондуқтан ошоғо таянып жыйынтық чығарғанын, изилдөөлөрүндө мурда айрым туура эмес қорутундулар да орун алғанын, эпосту изилдөө боюнча жүргүзүлгөн көп жылдық тажрыйбасына негизденип, эпос элдик чығарма деген ишенимге келгенин айтат жана “Манас” қырғыз элине керек, элдикин элдин өзүнө берүү зарыл деген кеңеш берет. Ауэзовдун көркөм чығармаларынан “Абай жолу” роман-эпопеясы “Қараш-Қараш оқуясы” повести, айрым аңгемелери, илимий эмгектери қырғыз тилине қоторулуп жарық көргөн.

Қолдонулған дабияттар.[оңдоо]