Афония

Википедия дан

Афония — үн бүтүп, шыбырап калуу. Үндүн бүтүшү ар кандай оорулардын белгиси болушу мүмкүн.

Афония тамак ооруларында (шишик, жырык жана башка) кездешет, себеби алкым бүктөөлөрү толук бирикпейт жана жакшы кыймылдабай калат. Ар кандай травмалар (калкан безинин операциясы), өпкөнүн, калкан безинин, көкүрөк органдарынын, кекиртектин, кызыл өңгөчтүн шишик оорулары, өнөкөт ларингит себеп болот, ошондой эле тамактын төмөнкү нервинин шал болушунан, төмөнкү алкым нервин аорта анервизмасы басып калганда, нервдин ууланышынан же грипп вирус инфекциясынын кабылдап кетишинен пайда болот. Андан башка психикалык травма да түрткү болот.

Дарылоо негизинен ооруну пайда кылган себептерге жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8