Аффект (ден-соолук)

Википедия дан

Аффект (латынча affectus - көңүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) - адамдын көңүлүнүн тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу жана башка). Бул абал субъекттин жашоосундагы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү менен бирге, анын ички органдарынын функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы аффект түрүндө өтүшү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1