Ахилл

Википедия дан
Ахилл.

Ахилл, Ахиллес — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, Троя шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деңиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн, жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин талылуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеңе албай, акырында Паристин аткан жебесин Аполлон анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда, «талылуу жер» деген түшүнүк келпп чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеңири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, Түндүк Кара деңиз боюнда кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14-046—1