Ахыска түрктөрү

Wikipedia дан

АХЫСКА АЙМАГЫ ЖАНА АХЫСКА ТҮРКТӨРҮ[оңдоо]

Тарыхый аймагы Месхети азыркы жашаган аймагы Самцхе-Джавахети ,Грузия.

XVI кылымдан 1828-жылдагы орус падышачылыгынын аскерлеринин кол салуусуна чейин Анатолиядан бул аймакка жайгаштырылган жана анатолиялык түрктөрдөн ажыратылбас бөлүгү болгон ахыска түрктөрүнүн мекени, азыркы Грузия Республикасынын аймагында калган жана Түркия Республикасы менен чек аралаш болгон жердин аты Ахыска деп аталат. Бул аймак Ахыска шаары менен жогоруда аты аталган төрт административдик бөлүктөн түзүлөт. Бул жерге жайгаштырылган түрктөргө ахыска деп аталышынын себеби, бул аймактарды өзүндө камтыган жердин географиялык аталышы Ахыска болгондугунда жатат. Бир жагынан караганда, “Коркут Ата Китебиндеги” “Ак-Сыка” (Ак чеп) жер аты, 481-жылга таандык жазууларда “Акесга” катары эскерилген байыркы огуздардын Ахыска шаары, грузин тилинде “Жаңы чеп” деген түшүнүккө ээ болгон “Акхал-Цикхе” деген аталыштын түркчө жана фарсча формасы деп да түшүндүрүлөт. Айрыкча “Акыска” аталышы Ахыска аймагындагы калктар арасында “Ахыска”, “Акхыр-кыска” жана “Ак-Сыка” деп айтылат. Башка жагынан караганда, грузиндер өз тилинде “Жаңы чеп” деген маанини берген “Акхал-Цикхе” аталышын грузин тилинен келип чыкканын гана жакташат. Ахыска аймагына жана анын айланасындагы жерлерге орустар Месхетия географиялык аталышын беришкен. Ошондуктан бул аймактан чыккан эл, советтик республикаларда месхетиялык түрктөр деп аталган.

Ахыска аймагы Грузиянын территориясында Кавказ тоолорунун түштүк батышында орун алган. Аймак түндүгүндө жана чыгышында Грузия, түштүгүндө Армения, түштүк батышында Түркия, батышында Грузия Республикасынын карамагындагы Ажария Автономдук Республикасы менен чектешет. Ахыска түрктөрүнүн мекени болгон бул аймакта Ахыска, Адигүн, Ахалцих (Ахылкелек) и Аспиндза жана Богдановка сыяктуу маанилүү шаарча-кыштактар бар. Ахыска аймагынын жалпы аянты 6260 км2 түзөт.

1921-жылдын 16-мартында Москва келишиминин негизинде Советтер Союзунун карамагына өткөн Ахыска аймагында жаңы доор башталган. Совет бийлиги абхаз, осетин жана ажар элдерине автономдук бергени менен, ахыска түрктөрү мындай мүмкүнчүлүктөн куру кол калышкан. 1921-жылдан баштап ахыска түрктөрүнө совет бийлиги тарабынан ар түрдүү зордук-зомбулук көрсөтүлгөн. Улуу Ата-Мекендик Согуш жылдарында Сталин ахыска түрктөрүн “коркунуч туудурган элдер” деп атап, 1944-жылы Сталиндин Өкмөтү бул элдин чоң бөлүгүн (100000-120000 киши) Орто Азияга айдап жиберген, бул жылдары көчүрүлгөн түрктөр мекенине кайра эч кайткан эмес. Азыркы учурда ахыска түрктөрүнүн жалпы саны болжол менен 600000 кишини түзөт, алар 10-15 өлкөдө жана 100гө жакын райондо көчүп конуп жашап жүрүшөт. Элдин көпчүлүгү Түркия, Казакстан, Россия Федерациясы, Азербайжан жана Кыргызстанда жайгашкан.

Ахыска түрктөрү бир топ жагынан Түркиянын көңүлүн бурат. Муну менен катар, Түркияда да, башка өлкөлөрдө да (өзгөчө Кыргызстан, Россия, Украинада ж.б.) коомчулук бул маселе жөнүндө толук маалыматка ээ эмес. Кыскасы бул географиялык аймакта, негизинен постсоветтик аймакта чачылып жашаган ахыска/месхет түрктөрүнүн көйгөйү дагы узак мөөнөткө созулат окшойт. Ахыска түрктөрү өз башкаруусу болбогон түрк элдеринин бири болуп саналышат. Бул эл социалдык-экономикалык, маданият жана билим берүү тармактарында олуттуу проблемалар менен бетме-бет турат. Бирок, бүткүл кыйынчылыктарга карабастан ахыска түрктөрү өз элинин каада-салтын, үрп-адатын, мүнөзүн, эч нерсесин жоготпой, бул дүйнөдө өз турмуш көчүн улантып келе жатышат.

АХЫСКА ТҮРКТӨРҮ СҮРГҮНГӨ АЙДАЛГАН ЖЫЛДАР[оңдоо]

Падышалык Россия жана советтик бийлик колдонгон бөлүп жаруу саясаты, Кавказда жашаган мусулман түрк элдерине, алардын катарында ахыска түрктөрүнө сөөгүнө чейин таасир кылган. Кавказ жери, өзгөчө XIX кылымдан кийин орус колонизациясынын эзүүсүнө дуушар болгон. Советтик мезгилде ахыска түрктөрү сүргүнгө бир нече жолу айдалып, советтик республикалардын көбүнө чачылып кеткен, көптөгөн кишилер өз өмүрлөрүнөн ажырашкан. Көчүрүү жылдарын эске алганда, ахыска түрктөрүнүн сүргүн жылдарын бир нече мезгилге бөлсө болот.

1920-1944-жылдар[оңдоо]

Ахыска аймагы советтик бийликтин карамагына өтүүсү менен ахыска түрктөрү үчүн жаңы доор башталган. Советтик өкмөт, ошол жылдары күч менен абхаз, осетин жана ажарларды Грузиянын курамына кошуп, аларга автономдук статсу берген, ал эми ахыска түрктөрү болсо эсепке кирбей калган. Бул жылдары ахыска түрктөрү мектептерде алгач арап, кийин латын, андан кийин кирилл тамгалары менен билим алышкан. Ахыскада 1927-жылга чейин, алты жылдын ичинде ахыска түрктөрүнүн интеллигенттери советтик режим тарабынан камакка алынган.

1930-жылдарда башталган эзүү жана зордук-зомбулук мезгилинде миңдеген билимдүү кишилер жана дин адамдары, “пантюркист” күнөөсү менен үйлөрүнөн кармалып репрессияга дуушар болгон, бул адамдардан башка эч бир кабар келген эмес. Кийинчерээк Сталиндин колдоосу менен грузин шовинизми күчөп, ахыска түрктөрүнүн көпчүлүгүнүн аты-жөнү грузинчеге которулуп кеткен. 1938-жылы Советтик Конституция кабыл алынгандан кийин, ахыска түрктөрү азербайжан эли, тили азербайжанча болуп каттоодон өткөн. Бул жагдай орус бийлигинин максатына жана саясатына пайда алып келбегендиги билингенден кийин, бийлик мындай тажрыйбадан баш тартат, 1940-жылы болсо ахыска түрктөрүнүн расмий тили грузин тили болуп көрсөтүлөт. Мындай чаралар ахыска түрктөрүнөн өздөрүнүн улуттук индивидуалдуулугун ажыратууну көздөгөн.

Бул мезгилде Экинчи Дүйнөлүк Согуш башталып, 1938-1940-жылдарда Ахыска аймагына жана айланасындагы жерлерге Түркия менен чектеш советтик чек араны коргоо максаты менен он миңге жакын советтик аскер жайгаштырылат. 1940-жылга чейин такыр аскерге алынбаган ахыска түрктөрүнөн 40 миңге жакын киши аскерге чакырылган. Мобилизациялангандардын туугандары Боржомиде темир жол курулушунда жумушка чакырылган. 1944-жылы Боржомиден Валеге чейин 70 км узундуктагы темир жолдун курулушунда начар шарттардан улам миңдеген ахыска түрк курман болгон. Натыйжада ахыска түрктөрүн сүргүнгө айдоо идеясы советтик бийлик тарабынан сүргүнгө чейин 10-15 жыл мурун эле пландалып баштаган.

1944-1989-жылдар[оңдоо]

Сталиндик өкмөт 1944-жылы Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин чечимине ылайык чек ара коопсуздугун камсыз кылуу аргументи менен, Ахыска аймагындагы 209 айылдан чогулган 100000-120000 кишини кыш мезгилинде жүк ташуу вагондоруна 8-10 үй-бүлөдөн киргизип, Орто Азияга айдап жиберген. Азербайжандын ошол жылдардагы бийлиги ахыска түрктөрүн Азербайжанга жайгаштырууну каалаганын билдирген. Бирок Сталиндин чечими так кесе берилгендиктен, Азербайжан өкмөтүнүн аракеттери жыйынтык берген эмес. Мындайча вагондор Азербайжанда бир нече күн токтотулгандан кийин, кайрадан Орто Азияны көздөй багыт алган. Жолдо, Урал тоолорунун суук абасынан улам бир топ киши көз жумган. Бир жарым айга созулган жол сапарынын аягында ахыска түрктөрү Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда жайгашышкан. Бул учурда элдин көбү сууктан вагондордо (20000), согушта (25000), оору жана ачкачылыктан (30000) каза болгон.

1944-жылы ахыска түрктөрүнүн жарымынан көбү (70000 жакын киши) Өзбекстанга жайгаштырылган. Өзбекстанда көбүнчө Фергана өрөөнүндө, Ташкент шаарында, Наманган, Анжыян, Сырдарыя, Бухара жана Самарканд облустарында отурукташтырылган. 1956-жылы Сталин каза тапкандан кийин, ахыска түрктөрүнө каршы эзүү саясаты басаңдап, Өзбектанда жашаган бул элдин 30% көбү Азербайжанга, Россиянын Кавказдагы облустарына, ата-мекенге жакын жерде жашоо үчүн көчүп кеткен. Ошондой эле ахыска түрктөрүнүн көп сандагы үй-бүлөлөрү Казакстан жана Кыргызстанда орун тапкан. Казакстанда Алма-Ата, Жамбыл, Чымкент облустарында, Кыргызстанда Бишкектин тегерегинде, Ош шаарында жашап калышкан. 1944-1956-жылдар аралыгында Орто Азияга айдалган ахыска түрктөр ар түрдүү билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жете алышкан эмес. Сталиндин өлүмүнөн кийин келген өкмөт 1956-жылдан кийин буларга бир катар укуктарды берген. Ошентип, ахыска түрктөрү жашап калган өлкөлөрдө орус тилинде билим алып башташкан.

Орус бийлиги атайын, милдеттүү түрдө жүргүзгөн көчүрүү жана сүргүн саясаты, ошол аймактагы потенциалдуу түрк биримдигине тоскоолдук кылуу максатын көздөгөн. Падыша учурунда жана советтик бийликтин астында жашаган ахыска түрктөрү өздөрүн дайыма анатолиялык түрктөргө, муну менен бирге Түркияга жакын сезишкен. Оорус бийлиги тарабынан эзилген ахыска түрктөрү, анатолиялык түрктөрдүн калыстык жана ак ниеттүүлүгүн билгендиктен, алар менен дин жана тил жагынан жакын болгондуктан, Түркиянын кайрымдуулугу, адилеттүүлүгү жана мыйзамы астында баш калка издешкен. Советтик режимде сүрүлгөн ахыска түрктөрү дайыма басмырланып келген жана оор турмуш шарттарында жашоого күрөшүп келишкен. Ахыска түрктөрү басым, адилетсиздикке карабастан өздөрүндөгү түркчүлүктү, улуттук үрп-адаттарын жана салттарын коргой алышты.
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ ТΥРК ДΥЙНӨСΥ СОЦИАЛДЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР СТУДЕНТТИК КЛУБУ

Даярдаган: Жибек ЭСЕНАМАНОВА – Aли ҮНАЛ