Ацетат буласы

Википедия дан

Ацетат буласы - ацетил целлюлозадан алынуучу жасалма була. А. б. эки түрү бар: диацетил целлюлоза жана триацетилцеллюлоза. А. б. целлюлозаны орг. эриткичтерге эритүүдөн алынат. Диацетилцеллюлозадан алынган ацетат буласы 17-22% гидроксил жана 78-83% чейин ацетил топторун алып жүрөт. Мындай булалар гидрофилдик касиетке ээ жана 6,5% чейин нымдуулукту өзүнө тартат (абанын 65% нымдуулугунда, бөлмө темп-расында). Триацетилцеллюлозадан алынган була 97-98%, кээде 100% чейин ацетил тобун алып жүргөндүктөн, гидрофобдук касиетке ээ жана 1-1,5% гана нымдуулукта болушат. А. б. диацетил-целлюлозадан алуу кеңири таралып, андан өнөр жай үчүн тех. мааниси бар буюмдар даярдалат. Анткени мындай булалар электроизоляциялык касиети б-ча синтет. жана жаратылыш булаларынан жогору турат. А. б. көпчүлүк учурда эксплуатациялык касиеттери б-ча синтет. булаларга караганда жогору турат. Созулгуч, жумшак жана кооз келгендиктен, жибек кездемелерин жана тор кийимдерди даярдоо үчүн колдонулат. Андан жасалган кездемелер аз бырышып, ультракызгылт көк нурларын жакшы өткөрөт. Жогорку темп-рада, щелочтор менен орг. эриткичтер таасирине, сүрүлүүгө чыдамсыз. Ал эми кеңири керектөөчү буюмдар жасоодо, кээде нооту жана сокмо кездемелер даярдоодо жүн ордуна колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]