Ачык кагаз

Википедия дан

Ачык кагаз. Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын 33-статьясына ылайык, археологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн археолог-адиске берилүүчү расмий документ.

Кыргыз Республикасынын УИАнын Тарых институту тарабынан берилип, Билим жана маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүмүндө катталат. Ачык кагаздын төрт түрү бар:

1. археологиялык эстеликтердин бардык түрүн казууга, изилдөөгө берилет;

2. археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана айрым гана эстеликтерди изилдөөгө укук берет;

3. археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берет;

4. курулуш иштери же жана башка себептер менен бузулуп жаткан эстеликтерди изилдөөгө укук берет. Археологиялык казуудан чыккан буюмдар мамлекеттик музейге өткөрүлөт, Кыргызстандын сыртына чыгарууга тыйуу салынат. Ачык кагазы жок археологиялык казуу иштерин жүргүзгөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]