Ачыткы

Википедия дан

Ачыткымаксымды, бозону, кымызды, камырды ж.б. ачыта турган көрөңгө, үрп, камыртуруш. Камырдын ачыткысы - камыр туруш: жарма, бозо жана кымыздын ачыткысы - көрөңгө, кымыздын алгачкы ачыткысы үрп (мурунку жылкы күзүндөгү кымыздын үрпүн кургатып коёт) делет. Камыртуруш жокто, анын ордуна бозо же ачыган жарма колдонулат. Жарманын ачыткысы - көрөңгөсү жокто бозону же ачып калган камыртурушту жылымык сууга эзип куюшат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]