Ашуутөр, тоо

Википедия дан

Ашуутөр тоосу - Тескей Ала-Тоонун чыгышын улап, Меридиан кырка тоосуна такалат. Кыргыз Республикасы менен Казакстандын чек арасы боюнча созулуп жатат. Узундугу 32 км, туурасы 8 км. Орточо бийиктиги 5000 м, эң бийик жери 6637 м (чыгышында). Ашуутөр жана Сарыжаз өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1000–2500 м. Ашуутөр тоо – асимметрия түзүлүштөгү антиклиналдык тоо. түштүк капталы кыска жана тик; тепши сымал өрөөндөрүнүн төрү касаба зоокалуу. түндүк капталы узун, жантайыңкы. Кырларында байыркы түздүктөрдүн калдыктары бар. Төртүнчүлүк мезгилдин байыркы мөңгүлөрдүн борбору болгон.

Тоо төмөнкү карбондун акиташ теги, кум, шагыл, порфирит, диабаз жана башкалар тектерден түзүлгөн. Тоодо Ашуутөр (3933 м), Көкжар (3009 м), Каскатөр (3529 м) сыяктуу ашуулары бар. Мөңгүлүү (айрыкча чыгыш бөлүгү); ирилери: Семенов, Ашуутөр жана башкалар 3000–3200 м бийиктикте кара-күрөң топуракта доңуз сырттуу шалбаа, андан жогору күрөң топурактагы шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, 3400–3600 мден жогорку кар, мөңгүлүү зонада жаздык сымал өсүмдүктөр өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]