Ашыкча термодинамикалык функциялар

Википедия дан

Ашыкча термодинамикалык функциялар – эритменин берилген молярдык термодинамикалык касиети, ошондой эле компоненттен турган идеалдуу салыштырма эритменин ушул эле касиетинен ашыкчасы. Ал оң же терс болот Гиббс молдук энергиясы (gЕ), энтропия (sЕ), энтальпия (hЕ) ашыкча мааниси, эритмелер термодинамикасында эритменин компоненттери мол-лар аралык өз ара аракеттенишин мүнздөө үчүн кеңири колдонулат. Эритменин касиеттеринин идеалдуулуктан оң жакка четтеп кетүүсү төмөнкү барабарсыздыктар менен туюнтулат: gЕ>0 жана hЕ>0 жана эритменин компоненттери ортосундагы ван-дер-ваальстык өз ара аракеттешүүлөрү басымдуулугун күбөлөйт. Идеалдуулуктан терс жакка четтеп кетүүсү (gЕ<0), эритменин компоненттери ортосундагы хим. өз ара аракеттенүүнүн натыйжасы болушу мүмкүн (эгер gЕ<0) же компоненттер мол-лары өлчөмдөрүнүн көп айырмалуулугунун натыйжасында энтропиянын жылышынын жыйынтыгы болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]