Аэрозоль терапиясы

Википедия дан
Аэрозольтерапия‎»‎ барагынан багытталды)

Аэрозоль терапиясы - оорулууну дары дисперсиялары менен аэрозолдоп дарылоо жана ооруну алдын алуу ыкмасы. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарларга себилет жана ингаляция түрүндө демалуу жолдору аркылуу организмге жиберилет. Аэрозолдун дисперсиялык бөлүкчөлөрү өтө майда болгондуктан, алар бронхторго, альвеолаларга чейин кирип, андан канга тез өтөт. Аэрозолдор табигый жана жасалма болуп бөлүнөт. Табигый аэрозоль терапиясына табигый шартта деңиз, көл сууларынын микроэлементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, аккайың жана башка) бөлүп чыгарган заттар жана фитонциддер аралашкан таза аба менен демалуу кирет. Жасалма аэрозолдор ар түрдүү дары касиети бар заттардан, өсүмдүктөрдөн жана башкалардан жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1