Аэрофагия

Википедия дан

Аэрофария — тамак-аш менен кошо желди ашыкча жутуу. Тамакты шашып жегенде, тамак жеп жатканда сүйлөө же көмүр кычкыл газдуу суюктукту (газдалган суу, пиво) өтө көп ичкенде карынга газ толот. Жагымсыз сезим пайда болуп, карын туш көөп чыгат, жел кекирүү менен коштолот. Дайыма тамакты туура эмес ичсе, аэрофагия такай болуп, уктаганда кекирүү басылат.

Аэрофагиянын кесепетинен карын туш ооруйт, дем кыстыгат. Аэрофагияны болтурбай коюу үчүн тамактануу режимин жөнгө салып, тамакты 4—5 маал аздан, шашпай ичип, тамак ичүү убагында сүйлөбөй, газдалган сууну ичпөө керек. Эгерде аэрофария такай болсо врачка кайрылуу зарыл, себеби кээде аэрофагия мурун менен дем алуу бузулганда, тиш, ооз көңдөйүнүн, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында, невроздо болушу мүмкүн. Ымыркай жана эмчектеги балада аэрофария көбүнчө тамак сиңирүү органынын кызматы толук жетиле элегине байланыштуу, ошондой эле бош упчу же сүтү аз эмчек соргондо болот.

Аэрофагиянын кесепетинен тамактануу бузулуп, бала өтө арыктап, ичи көбөт, кээде эмчек эмбей калат, атырылтып кусат. Бул белгилер байкалганда эмизбей, башын өйдө көтөрүү керек, кусуп жибергенден кийин бала тынч алып калат. Эмчектеги балада Анын белгилери билинери менен педиатр врачка кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8