Аян

Википедия дан

Аян — алдын ала жакшылык же жамандык боло тургандыгын билгизген жышаан, белги. Баатырдык эпостордо А. эпикалык мотив катарында эң алды башкы идеал каармандын образынын жаралуусу менен шартталган. Келечекте эл, жерин душмандардан коргоочу баатырдын жарык дүйнөгө келиши укмуштуу символикалык белгилер аркылуу даярдалат. Карыганча бала көрбөгөн ата-эненин арманы, түш көрүү, кереметтүү бойго бүтүү, укмуштуу төрөлүү жана башкалар салттык көрүнүштөр болочок баатырдын өзгөчө касиет сапаттарынан алдын ала кабар берген белги, жышааналар болуп эсептелет. А. адегенде жашырын сыр катары бала көрүүнү тилеген карыган эне-атага билинет. «Манас» эпосунда Жакып менен Чыйырдынын көргөн укмуштуу түшү, баланын кереметтүү бойго бүтүшү А-дын байыркы бир түрүнө жатат. Мындай эпикалык мотив көпчүлүк элдердин баатырдык эпосторунда кеңири кездешет. Ал ар бир элдин тарыхый шартына, жашоо тиричилигине байланыштуу поэтизацияланат. Укмуштуудай түш көрүүдөн сырткары магиялык элементтердин берилиши да келечектеги баатырдын төрөлүшүнөн кабардар кылат. Мисалы, Жакыпка мындайча кереметтүү дабыштын угулушу: Атаке неге кайгырдың, Акылыңдан айрылдың. Алты суу толгон мал кылдың, Алганыңды дал кылдың. Кулакка келди бир добуш Куп тыңшаса эр добуш. Көрүнбөдү көзүнө, Элең-селең караса Билинбеди өзүнө (Сагымбай Орозбаков, 1. 48),— деп сүрөттөлөт. Башкы каармандын жарык дүйнөгө келиши да укмуштуу А. менен мотивдештирилет. Манас төрөлгөндө «колуна кош колдоп заар кармап, курсакта жатып бакырып, Манастап ураан чакырып» жерге таманы менен тик түшүшү (Саякбай Каралаевдин варианты), Алмамбет төрөлгөндө «Ала-Тоо коркконунан бас болуп, агын суу коркконунан сай болушу» (Радлов жазып алган вариант), «бир ай бою кар жаап, качан бала төрөлгөндө күн ачылып, бутканада турган кудайлардын кыйрашы» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «жетимиш күнү күн жаап, жер титиреши» (Саякбай Каралаевдин варианты) ашкан баатырдын төрөлөрүн алдын ала билгизген А. болуп эсептелет. Башкы баатырдын укмуштуу төрөлүшү жөнүндөгү эпикалык мотив «Сейтек» бөлүгүндө да учурайт. Айчүрөк Сейтекти он эки ай көтөрүп, тогуз күнү толготот. Бала төрөлгөндө колуна кан чеңгелдеп түшөт. «Күндүр-түндүр түн түшүп, жер айрылып, тоо кулап» табигат кубулат. Эпостогу бул мотив келечекте атасы Семетейдин өчүн алууга жарамдуу, чыныгы баатырдын төрөлгөнүн алдын ала кабарлаган А. экендигин көрсөтөт. Эпосто Семетей атактуу атынан, жоого кийчү кийиминен ажырап, күчсүз болуп калышы, Айчүрөк менен Каныкейдин жаман түш көрүшү, Манастын арбагына арнап сойгон Акбоз бээнин этин салган казандан чий көбүк чыкпай «кара кочкул кан чыкканы» баатырдын ажалынын жеткенин алдын ала кабарлаган А. катары көрсөтүлөт. Манасчылар Манас жана анын чоролорун эл менен түбөлүк бирге жашаган «ыйык» каармандар катарында урматташат. Өзүлөрүнүн «Манас» айтып калышы, бул өнөрдүн касиеттүүлүгү жөнүндө бизге белгилүү жомокчулардын алгачкыларынан болгон Келдибек Карбоз уулунан (1800—79-ж.) тартып Саяк5ай Карала уулуна чейинки манасчылардын айтуучулук өнөргө ээ болушун эпостун каармандары түшүнө кирип «Манас» айт деп А. бериши менен түшүндүрүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4