БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325 резолюциясын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы

Википедия дан

Негизги сөздөр: аялдар жана куралданган чыр-чатактар, чыр-чатактуу шарттарда аялдардын зордук-зомбулукка дуушар болушу, тынчтык менен коопсуздукту орнотууда аялдардын ролу жана катышуусу


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325- резолюциясын (БУУнун ККР 1325) жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер планы[1] (1325 ИП) – чыр-чатактуу кырдаалдарда кыз-келиндердин укуктарын коргоонун өзгөчөлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чыр-чатактардын алдын-алуу жана аларды жөнгө салуу процесстерине аялдарды катыштыруу боюнча бир катар иш-аракеттер жана иш-чаралар. БУУнун ККР 1325 – куралданган чыр-чатактын аялдарга тийгизген олуттуу таасирине байланыштуу көйгөйү көтөрүлгөн биринчи резолюция[2].

Ички башаламандыктар, жергиликтүү жана чегаралык чыр-чатактар, саясий кризис, этностор аралык кагылышуулар, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу көрүнүштөр акыркы он жылдыктарда Кыргыз Республикасында өзгөчө курчуп, адам укуктарынын, айрыкча, аялдардын укуктарынын олуттуу бузулушу менен коштолгон.

Кыргыз Республикасы БУУнун мүчөсү катарында БУУнун ККР 1325 кошулуп, Пекин иш-аракеттер платформасына (5-пункт - аялдар жана куралданган чыр-чатактар) кол коюп, чыр-чатактардын алдын алуу жана аларды жөнгө салуудагы аялдардын ролун жана катышуусун күчөтүү, ошондой эле кыз-келиндердин чыр-чатактуу кырдаалдардагы өзгөчө керектөөлөрү менен муктаждыктарын эске алып, алардын укуктарын коргоо боюнча милдеттенмелерин өзүнө алган.

2010-жылы "UN Women" түзүмү Борбордук Азия өлкөлөрүндө чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле мүчө-мамлекеттерде аялдар, тынчтык жана коопсуздуктун кызыкчылыктарын көздөгөн улуттук 1325 ИПнын иштеп чыгуу аракеттерин күчөтүү максатында "Аялдар менен диалогдордун ачык күндөрү - 2010"[3] деген аталыштагы улуттук консультативдик жолугушууларды уюштурган. Бул иш-чарага аялдар бейөкмөт уюмдарынын, БУУнун агенттиктеринин мүчөлөрү жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышкан. Консультативдик орнотуусу жолугушуулардын натыйжасында аялдар кыймылынын активисттери БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мунга 1325-резолюцияны улуттук деңгээлде жүзөгө ашырууну күчөтүү керек деген сунуш менен биргелешип кайрылышкан.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү «Тынчтыкты куруучу аялдар» тармагы "UN Women" түзүмүнүн каржылык колдоосу менен КРнын экс-президенти Роза Отунбаеванын, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, профилдик мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, ЖМКнын катышуусу менен улуттук консультативдик жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандагы куралданган чыр-чатактын аялдардын абалына тийгизген таасирин талкуулашты.

Улуттук консультативдик жолугушуулардын катышуучуларынын бири, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты И.Ю. Карамушкина аялдар кыймылынын активисттери менен бирге Парламенттин деңгээлинде 1325-резолюцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чараларды кабыл алуу зарылчылыгын сүрөмөлөдү. Натыйжада, 2012-жылдын 15-апрелинде КРнын ЖКнин Коргонуу жана коопсуздук комитети 1325-резолюцияны жүзөгө ашыруу чараларын кабыл алуу жөнүндө чечимин чыгарды. Ушул чечим боюнча КРнын Өкмөтү 2012-жылдын 25-июнунда №294-токтомун чыгарып, анын негизинде 1325-резолюцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуучу биринчи ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, аталган топтун курамына төмөнкү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү киришкен:

  • Ички иштер министрлиги;
  • Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги;
  • Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;
  • Тышкы иштер министрлиги;
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги;
  • Каржы министрлиги;
  • Коргоо министрлиги;
  • Юстиция министрлиги;
  • Билим берүү жана илим министрлиги.


1325-резолюцияны жүзөгө ашыруу иш-аракеттер планын иштеп чыгууну жөнгө салуу милдети КРнын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн.

1325-резолюцияны жүзөгө ашыруу иш-аракеттер планын "UN Women" түзүмүнүн техникалык колдоосу менен даярдоо процессинде эларалык жана улуттук эксперттер катышып, алар атайын даярдыктан өтүшкөн:

  • жумушчу топтун мүчөлөрү гендер жана конфликтология маселелери менен таанышып,
  • 1325-резолюция боюнча улуттук иш-аракеттер планын ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан Грузия менен Непалдын тажрыйбасын изилдеп чыгышты.


2013-жылы февраль айында КРнын Өкмөтү 2013-жылдын 18-февралындагы №78 токтому менен жумушчу топ түзүп чыккан 1325-резолюцияны 2012-2014-жж. жүзөгө ашыруу иш-аракеттер планын кабыл алган.

1325 ИП (2012-2014) 5 максаттан туруп, алардын ар биринде маселелер белгиленип, тийиштүү иш-чаралар пландаштырылып, көрсөткүчтөр иштелип чыккан. 1325 ИПнын максаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • чыр-чатактардын алдын алуу ишинде кыз-келиндердин укуктарын институтташтырылган коргоо тутумун түзүү;
  • коопсуздук, коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын ролун күчөтүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарда кыз-келиндер дуушар болгон зомбулукка сабырдуу мамиле жасоого таптакыр жол бербөө;
  • кыз-келиндер үчүн коопсуз чөйрө түзүп берип, аны коргоо;
  • чыр-чатак күч алып турган шартта укук коргоо субъекттеринин даярдыгын кыз-келиндерди коргоону эске алып күчөтүү.

КРнын Өкмөтү иштеп чыккан КРнын биринчи 1325 ИП БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясынын БУУнун мүчө-мамлекеттерине койгон бардык талаптарына жооп берет. Анда куралданган чыр-чатактуу кырдаалдарда кыз-келиндердин укуктарынын корголушун жүзөгө ашыруу жана алардын чечим кабыл алуу процессинин бардык деңгээлдеринде катышуусун жандандыруу, ошондой эле тынчтык менен коопсуздукту сактоо жаатында пландаштырылган иш-чараларга гендердик өңүттү интеграциялоо жана тынчтыкты орнотуучу жамаатты даярдоо сыяктуу бардык иш-аракеттер камтылган. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн айтымында, каражаттардын жетишсиздигинен улам КРнын 1325 ИП толугу менен жүзөгө ашырылбай калган.


Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Женщины – за мир в Центральной Азии / ООН Женщины, 2011. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.unwomen.org/ru/about-us/about-un-women Archived 2016-09-28 at the Wayback Machine
  2. "Кыргызстандагы тынчтыкты куруучу аялдар" тармагынын 2012-жылдагы мониторинг отчеттору.
  3. Кыргыз Республикасында БУУнун ККнин 1325-резолюциясынын иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отчету, 2014-жыл
  4. От местного к глобальному: мир в интересах женщин. – Нью Йорк, 2005.
  5. Разработка национального плана действий по выполнению резолюции СБ ООН 1325. Опыт Грузии / ООН Женщины, 2012. [Электрондук версия]. URL: http://www.unifem.org/gender_issues/.../programmes.php(жеткиликсиз шилтеме)
  6. 1325-резолюция 2000-жылы 31-октябрда Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган / БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2000.
  7. Кыргызстандын гендердик энциклопедиясы

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Обзорный отчет по реализации Резолюции 1325 Совета Безопасности ООН Правительством КР. Айтматова Р.Т., Жеенбаева Р.И., Ниязова А.Н, Бишкек, 2015 г.
  2. архив көчүрмөсү.
  3. Женщины-за мир в Центральной Азии. Итоги консультативных встреч в рамках "Открытых дней диалога с женщинами - 2010". ООН Женщины. Департамент операций по поддержанию мира. Департамент по политическим вопросам. ПРООН