Баабедин

Википедия дан

Баабедин (Бахауддин ысмынын кыргызча айтылышы) – 1. диний уламыш боюнча Бухара шаарынын пиринин аты. Кыйынчылык убакта Баабединге кайрылып жардам суроо Орто Азия калкына мүнөздүү. Диний мүнөздөгү ырым-жырымда адамдар түрлүү кырсыктан, жамандыктан кутулуу үчүн тилек тилеп же коркунучтуу апаттан аман калгандыгы үчүн Баабединге атап курмандык чалган, ошондой эле жети, тогуз нан Баабедин берилген. «Манаста» негизги оң каармандардын тагдырына, алардын жоокердик жүрүштөрүнө байланыштуу ар түрлүү кырдаалдарда (жоого аттанарда, жекеге чыгарда, эпикалык душмандын курчоосунда калган учурларда жана башкалар коркунучтарда же түшүндө берилген жакшы, жаман аян, белгилерге карата) Баабединге жардам суроо иретинде кайрылышкан. Мисалы, «Баабединге бата айтып, Коросонго кой айтып, Баабединин бакырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 108—109-инв.). Элдик уламыш боюнча Бабедин өз мезгилинде дыйканчылык кылып, буудай жана буурчак эгип тиричилик өткөргөн, кийин шайы кездемелерге түр, миске оймо-чийме түшүрүү менен кесип кылган. «Манас» эпосунда Бабедин дыйканчылыктын пири Баба-Дыйкан катары Манас баатырдын буудай эгип мол түшүм алышына колдоо көрсөтөт (Саякбай Каралаев, 1. 174).  Баабединге  атоо же  Баабедин берүү ырым-жырымы азыркы мезгилге чейин эл арасында сакталып келе жатат.

2. салтка айланып кеткен табынуу, сыйынуу. Чоң коркунуч, алаамат (өрт, көчкү, сел, катуу оору, жер титирөө, жоо тийген, жырткычтар камаган, адашкан ж.б.) учурда аман-эсен кутулууну тилеп Баабедин өткөрүшкөн. Айтылган Баабединди (9 токоч, кой, эчки, тай, торпок, бээ ыроолоп) ошо замат же кийинчерээк сөзсүз ишке ашырышкан. Антпесе «бат эле дагы бир коркунуч, кырсык болуп, андан чоң зыянга учурап калабыз» деген ишенич күч болгон.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]