Баатыр

Wikipedia дан

Кыргызда баатыр алты даражага айрылат.

1.Адамдын шери
2. Көкжал
3. Илекор
4. Жеке баатыр


5. Ээрчиме баатыр
Өзүнөн башка жолдоштору баатыр жана теңтуш болсо, алар менен бирге жүрүп, өзү жоодон коркуп качайын десе да жолдошторунан уялып качпастан урушуп жүрүп, ошого дагдыланып, кийин баатырлыкка чыгат. Мындайларды «Ээрчиме баатыр» атаган.

6. Чочко баатыр
«Мен дагы элдей эмесминби, тигилерден кантип кем болоюн» деп анык баатырларды туурап жоону качырып, дайым жоого түшөт. «Айласыз баатыр чочкого чабат» деген менен ушундан калган. Баатыр алтоо деген ушул.

  • Баатыр (иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Баатырдыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Баатырдыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Бдык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Баатырлык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Баатырлык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген эр уулдар эле эмес, жоокер аял каармандар да:

Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Тиштээрине таш таппай,
Кесээрине баш таппай,
Сары конуш бел таппай
Сайыша турган эр таппай (Сагымбай Орозбаков, 2. 65) бук болуп турат. Жоокерчилик доордун шартына ылайык эрдик менен эл багып, атак-даңк, абройго ээ болгон Б-лар тынч турмушта бекер тура алышпайт. Манас жана анын чоролору «эр семирип бук болуп, ат семирип нык болду» делип тулпарлар кыймылсыз куру семирип, эр жигиттер кылар иши жок зериккен учурларында чатыраш ойноп, ордо атып чер жазышат, же ууга чыгып, ит агытып, куш салып, мергенчилик кылып бош убактыларын көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок эпостун башкы темасы сырткы баскынчы душманга каршы күрөш болгондуктан элдик Б-лар тынч турмушка караганда согуш аракетинде көбүрөөк сүрөттөлөт. Жоокерлик салтка ылайык Баатырлардын согушту самап турушу түрк-моңгол эпосторунун көпчүлүгүндө кезиге турган туруктуу мотивдерден. «Манаста» оң каармандардын образын терең, кенен ачууда жана артык сапаттарын айрыкча аларга карама-каршы коюлган терс каармандар алынган. Алардын да жоо саяр Баатырлары, тоо бузар балбандары бар. Чексиз кара күч эпостогу негизги каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык же Б-дык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, Жолойду күчсүз, же Коңурбайды Б. эмес деп эч ким айта албайт. Бирок, алар моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат. Эпикалык салгылашуунун жүрүшүндөгү чечүүчү учурда уруш салтын бузуп качуу, же митайымдык кылуу душман Б-лары үчүн мүнөздүү көрүнүш болсо, кыргыз жоокерлеринин мүнөзүндөгү жетектөөчү белги эр жүрөктүүлүк, тайманбастык. Эпосто элдик баатырларды кас душмандары да жогору баалашат. Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырат, анын айтуусу боюнча Манаска «ок өтпөйт», «отто күйбөйт», «сууда чөкпөйт», «аны жеңиш кыйын». Калмактардын Акунбешим канынын кыргыздар кандай жоо экен деген суроосуна калмак аярынын жообунда эч тоскоолдукту билбес, жоодон жалтанбас шаңдуу жоокерлердин, душмандары үчүн сүрдүү күчтүн элесин — Баатыр элдин мүнөздөмөсү берилет. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салуу кыргыз жоокерлери үчүн адаттагы көрүнүш. Ал ошон үчүн Балык аркасында гана эл өзүнүн элдигин сактап келди. Ошон үчүн «Манас» үчилтигинин идеялык мазмунун түзгөн адилет күрөш жана жеңиш менен шыктанган кыргыз Б-ларынын милдети — элди коргоо «эл четинде, жоо бетинде» туруу.

==Булактар==

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4