Баба

Википедия дан

Баба – 1. бубанын атасы, башкача айтканда чоң атанын чоң атасы. Бирөөлөр бабалашпыз дешсе, биз алардын төртүнчү атадан кошулуучу туугандары экенин түшүнөбүз;

2. чоң атадан аркы аталарды түшүндүрүү маанисинде айтылат;

3. өз балдарына гана эмес, бүтүндөй элге аталык эмгек өтөгөн, акылман адамдарды бабабыз деп урматтап аташат;

4. адамдан башка нерселердин мыктыларын, баалууларын, көп жакшы жактарын салыштырган, теңеген мааниде баба аталышы колдонулат. Мисалы, малдын бабасы кой. Жыгачтын бабасы арча, анын бекемдиги – суу кезде ийилчээк, жумшактыгы – кургаганда катуулугу, ным тартпай чирибестиги менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»