Бабак, Валентин Федорович

Википедия дан

Бабак Валентин Федорович (1937), техник илимдеринин доктору (1994), профессор (1996).
Улуту украин. Украина КСРи, Киев дубанынын Смелы шаарында туулган.

Фрунзедеги политехник институтун 1961-жылы бүтүргөн, аспирантураны 1969-жылы Москвадагы станок-куруу институтунда окуган.
Эмгек жолун токар болуп иштөө менен баштап, инженер–конструктор, заводдо цехтин башчысы, Фрунзедеги политехник институтта ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, профессор болуп иштеген.
Машине куруу обжекттерин долбоорлоонун автоматташтырылган системдерин иштеп чыгуу, формалдык тилдерде моделдөө тармактары боюнча кесип ээси.
Эл аралык маалыматташтыруу академисинын академиги (1998). КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз КСРинин Ардак грамотасы менен 1964-жылы сыйланган.
120 илимий эмгектин ээси, анын ичинде 4 монография, 6 окуу куралы, 4 электрондук окуу куралы жана монографиясы бар.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак. ISBN 9967-14-014-3, 2004-жылы.