Өмүрбек Бабанов

Википедия дан
Бабанов, Өмүрбек Токтогулович‎»‎ барагынан багытталды)
Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов
Желек
Желек
Кыргызстандын 14-чү премьер-министри
желек
желек
23-декабрь 2011 — 1-сентябрь 2012
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Алмазбек Атамбаев
Андан кийинки: Аалы Карашев (м. а.)  
Жантөрө Сатыбалдиев  
Кыргызстандын премьер-министри (м. а.)
23-сентябрдан 14-ноябрга чейин (2011)  — 
1-декабрдан 23-декабрга чейин (2011)
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри
декабрь 2010-жыл — декабрь 2011-жыл
Президент: Роза Отунбаева
Андан мурунку: Алмазбек Атамбаев
Андан кийинки: Аалы Карашев
 
Дини: Ислам
Туулган жери: Чымкент айылы, Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи
Атасы: Токтогул Бабанов
Партиясы: «Республика»   «Республика-Ата Журт»
Кесиби: Саясатчы

Өмүрбек Токтогулович Бабанов (1970-жылдын 20-майында Талас облусунун Кара-Буура районунун Чымкент айылында төрөлгөн) — Кыргызстандын саясий жана мамлекеттик ишмери.«Республика-Ата Журт» партиясынын тең төрагасы.

Өмүрү баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Чымкент айылында 1970-жылдын 20-майында төрөлгөн. Кыргыз. Билими жогорку. 1993-жылы Ленин жана Эмгек кызыл туу ордендүү К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясын аяктаган. 2005-жылы Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Эл чарбасы академиясын (Финансылык менеджмент жогорку мектебин), 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени бар. Меценаттык, өлкөнүн региондорундагы балдарга билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медал менен сыйланган (The Rotary Foundation of Rotary International номинаты), “КМШ өлкөлөрүндө жылдын тандоосу” долбоору боюнча, Кыргызстандагы “Айкөл Манас – Жылдын адамы” конкурс-фестивалында “2004-жылдын бизнесмени” болуп табылган.Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1988-1999 — “Шымкентнефтеосинтез” ААКынын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү
  • 1995-1998 — “Арлан” ТОО директору, Тараз шаары, Казакстан Республикасы
  • 1999-2000 — “Мунай” ГППН башкы директорунун орун басары, Бишкек шаары
  • 2000-2004 — “Кыргызпахта” ЖТАК Президенти, Жалал-Абад шаары
  • 2004-2005 — “Мунай Мырза” ЖАКынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаары
  • 2005-2007 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламенттин) депутаты, “Эл биримдиги” депутаттык тобунун жетекчиси
  • 2008 — “Мунай Мырза Инвест” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы
  • 01.10. 2009 — Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
  • 2009-2010 — “Мунай Мырза Инвест” ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы
  • 2010 — “Кыргызстан коммерциялык банкы” ААКынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси
  • 2010 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика” фракциясынын лидери
  • 17.12.2010 Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
  • 2011-жылдын 24-декабрынан баштап

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
2012-жылдын 1-сентябрында Бабанов башбакандык кызматынан кетти.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«The Rotary Foundation of Rotary International» деп аталган уюм өз тарыхында биринчи жолу өзүнүн мүчөсү эмес болгон Өмүрбек Бабановду меценаттыгы, өлкөдөгү балдардын билим деңгээлинин өнүгүшүнө жана жогорулоосуна кошкон салымы үчүн атайын медаль менен сыйлаган. «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын тандоосу» долбоору боюнча «2004-жылдын бизнесмени» болуп аталган, 2004-жылы [Кыргызстанда] өткөн «Айкөл Манас — Жылдын адамы» конкурс-фестивалында Жылдын адамы болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]