Баба дыйкан

Википедия дан

Баба дыйкан – дыйканчылыктын пири, атасы, пайгамбары. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ишенимде пайдаланган. Баба дыйкан канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ишенишкен. Эгерде Баба дыйкан эгинди араласа, анын даны мол болот деген түшүнүк болгон. Түшүм болсун үчүн Баба дыйкандын урматына ырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Ошондой эле Баба дыйкан мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат. Дыйканчылык менен кесип кылган орто азия элдериндеги диндик, мифологиялык түшүнүк.  Дыйкан кол менен эгинди талаага сээп, чачып жатканда: "Жетиси - Баба дыйканга; жетиси - жерге; жетиси - аба ырайына, жетиси - элге; жетиси - жетим, жесирге; жетиси - ууру, кескиге; жетиси - курт, кумурскага, жетиси - ит, кушка. Калганынын кудай берекесин бере кор"-деп атап, бата кылып себууну баштаган..

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»