Бага, титул

Википедия дан

Бага, баг – байыркы Кыргыз мамлекетиндеги админстративдик-аймактык башкаруу бирдиги; аскердик-админстративдик титул; каган тарабынан дайындалган аймактын башкаруучусу.Кыргыз мамлекеттик 9-кылымдын орто ченинде админстративдик-аймактык алты бирдикке бөлүнгөн; аларга азыркы Хакас-Минусин ойдуңу, Краснояр крайынын түштүгү, Тува, Тоолуу Алтайдын бир бөлүгү, Моңголия жана ага чектеш аймактар кирген.Тувадагы Өөк Тарлактан табылган байыркы кыргыздарга таандык эстеликте: «...атым Эл Туган Тутук бен (мен). Теңири элимке элчиси эртим. Алты баг будунгка [элге] эр [тим] » – деген саптар жазылган. 840-жылы кийин азыркы Туванын аймагы Кыргыз кагандыгынын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003

« Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1