Бадалдар

Википедия дан

Бадалдар - (frutex) түбүнөн бутактап өскөн көп жылдык жыгач өсүмдүктөр. Бийиктиги 0,8 мден 2-3 мге жетип, сабагынын диаметри бири биринен анча айырмаланбайт. Каптал бутактарынын (жерден өнүп чыккан) көптүгү менен айырмаланып, негизги сөңгөгү жаңы чыккан бадалда гана жакшы байкалат. Сөңгөгү 10-20 (кээси 50) жыл, ал эми бир түп бадал жүздөгөн жылдар бою өсөт. Негизинен бардык алкактарда, субтропикте, тоолуу субальп алкактарда, Кыргнда да өсөт. Ал эволюциянын жүрүшүндө кургакчылыкка, төмөнкү температурага байыралуунун негизинде дарактан келип чыккан. Бадалдарга табылгы, ыргай, аса-муса, чие, бөрүкарагат жана башка кирет. Айрымдары чарбачылыкта, медицинада жана техникада колдонулса, кээ бири көчө бойлорун жашылдандыруу үчүн өстүрүлөт. Жаш сабагы, жалбырагы малга тоют, кээде курулушта пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]