Базарлык

Википедия дан

Базарлык – базарга барган адам өзү сыйлаган, жакшы көргөн кишилерине атайылап белек катары алып келген буюм. Кыргыздар базарга, шаарга жакын болбогондуктан айда, жылда 1–2 жолу, 5–10 кишиден бирөө базарга барган. Базарлар Бишкек, Токмок, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Анжиян, Ташкен, Кашкар, Турпан, Аксуу, Жаркен шаарларында болгон. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча жана башка беришип, керектүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оңой-олтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, жолдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен базарлык алып келүү салты пайда болгон. Базарга баруу оңойолтоң иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тың кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен базарлык алып келүү салты пайда болгон.  И. Молдобаев.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1