Базилика

Википедия дан

Базилика (грек. basilike – падыша үйү) – планда тик бурчтуу, эреже катары, узатасынан кеткен таяныч түркүктөрдүн катарынан турган, бир нече өткөөлдөр – нефтерге бөлүнгөн узун имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон; ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты – нартекс жайгашкан. Эң алгачкы базилика биздин заманга чейин 210-жылы Деллос аралында курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христианствонун бекемдеши менен храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбордук неф апсида – чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон жана IV-VI кылымда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башка курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]