Советбек Байгазиев

Википедия дан
Байгазиев, Советбек Орозканович‎»‎ барагынан багытталды)
Советбек Байгазиев
Туулгандагы ысымы:

Байгазиев Советбек Орозакун уулу

Туулган датасы:

1 -май 1946(1946-05-01) (77 жаш)

Туулган жери:

Кайырма, Жумгал району, Нарын облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

публицист-жазуучу, сынчы, адабият таануучу, педагог-окумуштуу

Советбек Байгазиев Советтик жана Кыргызстандык публицист-жазуучу, адабият изилдөөчү, педагог-окумуштуу, профессор (1995)[1], филология илимдеринин доктору (1984). Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Советбек Байгазиев 1946-жылы 1-майда Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 1964-жылы Кайырма орто мектебин, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1971–1975-жж. КМУнун аспирантурасында окуп, 1975–1977-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, 1977–1984-жж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, 1985–1993-жж. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун кыргыз тили жана адабиятын окутуу методикасы секторунун башчысы, директордун орунбасары, 1993–2001-жылдарда И.Арабаев атындагы педуниверситеттин окуу жана илимий иштер боюнча проректору болуп эмгектенген. Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1962-жылы мектепте 9-класста окуп жүргөндө «Жаш ленинчи» журналына «Баарынан адам күчтүү» аттуу аңгемеси жарыяланган. «Менин боз торгоюм» аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн.

1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1984-жылдан филология илимдеринин кандидаты, 1996-жылы профессор илимий наамын алган. 2002-жылы филология илимдеринин доктору болгон. Айтматов эл аралык коомдук академиясынын академиги, Россия эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер. Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты, И.Арабаев, Ж.Бөкөнбаев, Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктардын лауреаты жана бир нече илимий-чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүсү. «Манас–1000» медалынын, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси. Эл агартуунун отличниги. Жумгал районунун ардактуу атуулу.

130дан ашык илимий макаланын, 10 китептин автору (12 китепке авторлош). "Менин боз торгоюм" (1970) аңгемелер жыйнагы, "Кайдасың Асан кайгы" повесть-эссеси, "Иниме кат", "Атуул жана Ата Журт", жана башка публицистика, "Жаны мүнөздөр, жаңы конфликтер", "Калем изи" жана башка адабий-сын макалалар жыйнактары чыккан. Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КРдин билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы,
КРдин элге билим берүү отличниги,
КРдин Ардак грамотасы,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1997).
Манас эпосуна-1000 жыл” эстелик медалы,
Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты,
КРдин Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын “Кыргыз тили”төш белгиси,
ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы,
Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы.
КРдин Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствонун Ардак грамотасы,
И.Арабаев атындагы сыйлыктын жана Манас Ата сыйлыгынын лауреаты,
КРдин журналистер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты.
Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын эки жолку лауреаты,
И.Арабаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Төлөн Насирдинов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2020)
Бир нече илимий-чыгармачылык конкурстардын жеңүүчүсү.

Байгазиев Саветбек Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгында

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги,
И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору,
Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору,
Эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги,
коомдук Манас академиясынын академиги.
Жумгал районунун ардактуу атуулу. Жумгал райондук борбордук китепканага Советбек Байгазиевдин ысмы берилген.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардыгы 56 педагогикалык, илимий - методикалык, илимий, көркөм, публицистикалык китептердин автору. Булар - профессор С.О.Байгазиевдин салттык, нравалык-маданияттык, кайталангыс баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, гуманизмдин, демократиянын жана жаш муундун руханий-дене тарбиялык таалиминин принциптерин бекемдөө багытындагы эмгектер.
1. Антология педагогической мысли Киргизской ССР (авторлош). – Москва, Педагогика, 1988.
2. Иниме кат (педагогикалык эмгек). – Фрунзе, Мектеп, 1982.
3. Кыргыз тили жана адабияты окуу китептерине коюлуучу талаптар. – Фрунзе, Мектеп, 1987.
4. Педагогикалык тажрыйба: изденүүлөр жана табылгалар (авторлош). – Фрунзе, Мектеп, 1989.
5. Мектепте жазуучунун чыгармачылык индивидуалдуулугун үйрөнүү: Мукай жана Жусуп . – Бишкек, Мектеп, 1993.
6. Кыргыз адабиятынын программасы: 5-11-класстар үчүн. – Бишкек, Мектеп, 1993, 2003,2006.
7. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнү жаңылоонун концепциялары (авторлош).— КСХИнин Типографиясы, Бишкек-1995.
8. Кыргыз адабияты, 10-11-класс үчүн окуу китептери (авторлош). – Мектеп 1996, 2007.
9. Гумандуу педагогика жөнүндө сөз. – Бишкек, Алтын тамга 1998.
10. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары (авторлош).— Бишкек, “Билим куту”, 2006.
11. Кыргыз адабияты 11-класс үчүн окуу китеби (авторлош). – Бишкек, Кыргызстан, 1998, 2006.
12. Ала Тоонун биринчи мугалимдери. – Бишкек, «Рабочий», 1998.
13. Манастаануу. – Бишкек, Учкун, 2000, 2011.
14. Адеп сабагы. 1-11-класстар үчүн окуу программасы (авторлош). – Бишкек, Учкун, 2003.
15. Окутуунун интерактивдик методу.– Бишкек, Эркин Тоо, 2004.
16. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын очерки.– Бишкек, Эркин тоо, 2005.
17. Нурмолдо – XIX кылымдын тунгуч агартуучусу жана даанышман педагогу.– Бишкек, Эркин тоо, 2005.
18. Гумандуу педагогика. – Бишкек, Алтын тамга, 2006.
19. Ата мекендик жана дүйнөлүк этика, 11-класс үчүн окуу куралы. – Бишкек, Гүлчынар, 2007.
20. Кыргыздын улуу акындарынын этикасы жана педагогикасы. – Бишкек, Гүлчынар, 2007.
21. Азыркы шарттардагы таалим-тарбиянын максаты жана мазмуну. – Бишкек, Билим, 2008.
22. Манастаануу, ЖОЖдор үчүн окуу программасы. – Бишкек, Билим, 2007.
23. Мугалимге жети кат.– Бишкек, Нуска, 2007.
24. Калыгул Бай уулунун этикасы жана педагогикасы. – Бишкек, Билим, 2008.
25. Тоголок Молдонун этикасы жана педагогикасы. - Бишкек, Билим, 2008.
26. Педагогикалык руханият. – Бишкек, Алтын тамга, 2008.
27. Балдарга Манас баатыр жөнүндө. – Бишкек, Гүлчынар, 2009.
28. Азыркы мектептеги тарбия: максаты, мазмуну жана технологиясы. – Бишкек, Гүлчынар, 2009.
29. Манас баатырдын образын интерактивдик усул менен үйрөнүү. – Бишкек, Билим, 2009.
30. Улуттук педагогиканын улуу устаты – И. Бекбоев. – Бишкек, Алтын тамга, 2010.
31. Педагогика энциклопедиясы (авторлош). – Бишкек, Энциклопедия, 2003.
32. Жаңы мүнөздөр, жаңы конфликттер. – Фрунзе, Кыргызстан, 1980.
33. Калем изи (монография). – Фрунзе, Мектеп, 1987.
34. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы (2 томдук). – Фрунзе, Илим, 1987, 1990 (негизги авторлордун бири).
35. Атуул жана Ата журт – Фрунзе, Кыргызстан, 1990.
36. Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр. – Фрунзе, Мектеп, 1991.
37. «Сынган кылыч» романынын сыры эмнеде?. – Бишкек, КМПУнун басмасы, 1998.
38. Инсандын ич жактан жаңылануусунун зарылдыгы. – КМПУнун басмасы, 1998.
39. XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы. – Бишкек, Элпек, 2002
40. Байзак баатыр – кеменгер. – Бишкек, Бийиктик, 2003.
41. Жумгалдан чыккан даанышман. – Бишкек,2003.
42. Кыргыз адабиятынын тарыхы, 6-том (авторлош). – Бишкек, Шам, 2004.
43. Кыргыз адабий сынынын жана адабият таануусунун тарыхы, (авторлош). – Бишкек, Шам, 2006.
44. Кыргыздын улуу ойчулдарынын жана баатырларынын осуяттары – Ата журт тиреги. –Бишкек, Гүлчынар, 2007.
45. Арстанбек жана Жеңижоктун этикасы. – Бишкек, Билим, 2008.
46. Токтогулдун этикасы . – Бишкек, Билим, 2008.
47. Нурмолдонун этикасы. – Бишкек, Билим, 2008.
48. Цивилизация жана Ата журт тагдыры. – Бишкек, Гүлчынар, 2009.
49. Ала-Тоонун аскасынан ашкан аалым. – Бишкек, Гүлчынар, 2011.
50. Айкөл Манас. – Бишкек, Техникалык университетинин басмасы, 2001.
51. Улуу Манас – улутубуздун дил жана тил бешиги. – Бишкек, Эркин тоо, 1994.
52. Патриархалдык коллективизмден инсандык автономияга карай. – Бишкек, КМПУ басмасы, 1997.
53. Менин боз торгоюм, (Балдар үчүн). – Фрунзе, Мектеп, 1970, 1975.
54. Бүркүттүн көз жашы. – Бишкек, Гүлчынар, 2007.
55. Чыңгызга карышкырдан кат. – Бишкек, Гүлчынар, 2008.
56. Кишенден бошонгон рухтун ырлары. – Бишкек, Гүлчынар, 2009.
57. Кыргыздын улуу ойчулдарынын жана баатырларынын осуяттары - Ата журт тиреги. - Бишкек, Гүлчынар, 20

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]