Байге

Википедия дан

Байге – элдик оюндарда жеңгендерге берилүүчү мал, мүлк, пул, кийим, буюм, кооздук жана башка сыйлыктар; ат чабыш, жорго салуу, эр сайыш, оодарыш, балбан күрөш,жөө жарыш, ордо, бука тартыш, бута, жамбы атыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көк бөрү, сундуй көтөрүү жана башка оюндарга байге коюлган. Мисалы, Шабдандын ашындагы чоң ат чабыштын 1-байгеси 5000 сом болгон. Азыркы учурда байге автомашина жана башка буюмдар, ошондой эле акчалай сыйлыктар берилүүдө.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]