Байзаков Түмөнбай

Википедия дан

Байзаков Түмөнбай (1923-1992) - акын жана котормочу.

Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Сузак районундагы Барпы айылында туулган.
Т.Байзаков 1940-жылы айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин Сузак районундагы Крупская атындагы жети жылдык мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык техникумга сырттан окууга өтөт.
1941-жылы каардуу согуш башталганда Т.Байзаков да согушка жөнөтүүнү өтүнөт.
1942-жылдын башында Советтик Армиянын катарына чакырылып, десанттык бөлүктөрдө аскердик милдетин аткарат. Ленинград багытындагы салгылашууларга катышып, 1943-жылы катуу жарадар болуп, өз айылына кайтып келет да мугалимдик ишин улантат.
1944–1950-жж. жети жылдык мектепте директор, райондук гезитте редактор болуп иштейт.
Т.Байзаков 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте мугалим болуп дайындалат.
1955-жылдан көркөм адабият менен байланыш кызматтарында иштейт. «Ала-Тоо» журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын адабий консультанты болуп, бир нече жыл Жазуучулар союзунда башталгыч партиялык уюмга катчы болуп шайланат.
1960-жылы Москвада СССР Жазуучулар союзунун секретариатынын улут адабияттары боюнча консультанты болуп 1963-жылга чейин иштейт.
1964–1968-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы,
1968–1979-жж. «Кыргызстан» басмасында редакторлук кызматта иштейт.

Т.Байзаковдун «Тилегим» деген ыры 1946-жылы Жалал-Абад облусунун «Большевиктик жол» гезитине биринчи жолу басылып чыккан. Ошондон баштап, ырлары, поэмалары, котормолору, очерктери, макалалары басма сөздө үзгүлтүксүз жарык көргөн.
Т.Байзаков кыргыз адабиятынын классиктеринин бири Барпынын чыгармаларын жыйноодо зор эмгек сиңирген.
Муса Жалилдин, Максим Рыльскийдин, Хамид Алимжандын, Миртемирдин, Зульфиянын, Пулат Толистин, Каю Тангрыкулиевдин, Баки Рахим-Заденин, Мухаамадийдин чыгармаларын которуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

1958-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Жоокердик иши жана адабиятта сиңирген эмгеги үчүн Т.Байзаков Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, бир нече медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
Басма сөздүн отличниги. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Кыргызстан КП Сузак райкомуна (1951–1952), Фрунзе шаардык Свердлов райкомуна (1957–1960), Фрунзе шаардык комитетине мүчө болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери:

Кыргыз тилинде

  • Паризат: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 101 б.
  • Биз жакта: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 87 б.
  • Кар бетине жаздым кат: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 107 б.
  • Мезгил чыйыры:Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1972 – 154 б.
  • Самай берем: Ырлар, баяттар, дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 188 б.
  • Оттуу курак: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 100 б.
  • Ыр башат: Тандалган ырлар жана дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 304 б.
  • Ак таңдар: Ырлар, сонеттер, поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.
  • Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 368 б.
  • Өмүр беренеси: Ырлар, шакабалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 152 б.
  • Азимжандын апыртмалары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1986. – 26 б.
  • Госпиталдын кызы: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1987. – 16 б.
  • Канатчан жылдар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1988. – 152 б.
  • Ышкы багы: Ырлар. – Б.: Адабият, 1993. – 144 б.

Орус тилинде

  • Наедине с мечтой: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 220 с.
  • Зеленая карусель: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1982. – 87 с.
  • Осень и любовь: Стихи, поэма. – Ф.: Адабият, 1990. – 124 с.

Котормолор

  • Алимжан Х. Зейнеп менен Аман: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 46 б.
  • Жалил М. Ырларым. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 160 б.
  • Толис П. Саратан: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1965. – 136 б.
  • Рыльский М. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 88 б.
  • Мухаммадий К. Карыя Печтин баяны: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 43 б.
  • Рахим-заде Боки. Ана көзү алайды: Поэма-жомок. – Ф.: Мектеп, 168. – 20 б.
  • Тангрыкулиев К. Али Махмут: Поэма-жомок. – Ф.: Мектеп, 1970. – 48 б.
  • Гиталов А.В. Нан жөнүндө ой. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 16 б.
  • Зульфия. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 124 б. (М.Жангазиев ж.б. менен бирге).
  • Миртемир. Гүлтажы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1973. – 44 б.
  • Жалил М. Моабит дептери. – Ф.: Мектеп, 1979. – 63 б.
  • Карышкыр менен улактар: Орус эл жомогу. – Ф.: Мектеп, 1983. – 13 б.
  • Штриттматтер Эва. Торгойлор өлкөсүндө: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 15 б.
  • Жаз жарыш, күз күрөш: Орус элдик ырлары жана макалдары. – Ф.: Адабият, 1989. – 18 б.