Байкабыл уулу Бектур

Википедия дан

Бектур Байкабыл уулу - 1921-жылы берекелүү Чүйдүн азыркы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылындагы "Алга" чарбасында туулган. Бектур 13 жашынан "Пионер" газетасынын жигердүү кабарчысы болгон. Бара-бара калеми курчуп, жаштардын "Ленинчил Жаш" газетасынын жооптуу катчысы болду. "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз Туусу" газеталарынын бетине анын ырлары, очерктери, аңгемелери дайыма басылып турчу. Бектур СССР журналисттер кошунунун мүчөсү эле. Анын 54 жылдык эмгек жолунун 30 жылы партиялык, чарбалык, жетекчилик жооптуу кызматтарда өткөн. Мунун 26 жылы Кыргызстан КПБКнын номенклатурасындагы иштер болгон: Фрунзе шаарынын Свердлов райкомунун катчысы, Кыргызстан КПБКнын партиялык бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, инспектору, Ат-Башы районунун аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин материалдык-техникалык жактан жабдуу башкы башкармасынын кадрлар башкармалыгынын башчысы, коллегия мүчөсү. 1981-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. Бирок эмгек ишмердигин көзү өткөнчө уланта берген. Эмгеги Союздук, өкмөттүк көптөгөн сыйлыктар менен бааланган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен алган медалдарынын саны гана тогуз, үч жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасына ээ болгон. Жердештери, аны көргөн билгендер: "Бектур-тамашакөй, чынчыл, кичипейил, жолдошчулукка бекем, ишмер инсан эле",-деп мүнөздөшөт. Жубайы Адыягүл Кыргыз Республикасынын журналисттер Союзунун мүчөсү. Булардын 2 уулу, 4 кызы, 17 небере, 11 чөбөрөсү бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.