Байтактоо

Википедия дан

БАЙТАКТООТүркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Баткен өрөөнүнүн түштүк тарабында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 1600 – 1700 м, эң бийик жери 1936 м. Кыры тайпак, капталдары тик жана кыска. Бор мезгилинин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, гипс, аки - таш тектеринен турат. Кургак талаа, жарым чөл ландшафтары басымдуу. Жайык капталдарына кайрак эгин айдалат; чөп чабынды жана жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]