Байтактоо, тоо

Википедия дан

Байтактоо, Тоо – Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Баткен өрөөнүнүн түштүк тарабында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 1600– 1700 м, эң бийик жери 1936 м. Кыры тайпак, капталдары тик жана кыска. Бор мезгилинин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, гипс, акиташ тектеринен турат. Кургак талаа, жарым чөл ландшафтары басымдуу. Жайык капталдарына кайрак эгин айдалат; чөп чабынды жана жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]