Байчечекей журналы

Википедия дан

Байчечекей - балабакча жана башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сүрөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын январынан баштап чыгууда. Башкы редактору акын Т. Самудинов. Максаты бөбөктөрдү мектепке даярдоочу жана баштооч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо менен жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арттырууга жана эне тилинин байлыгын, көркөм касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң алтын уяң», «Кел, чогулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Табиятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн минтип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Тууган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Actualidad» журналынын эл аралык сыйлыгы менен сыйланган (2003).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4