Байыркы грек философиясы

Википедия дан

Байыркы Грек философиясынын негизги өкүлдөрү: Фалес, Анаксимен, Анаксимандр, Гераклит, Демокрит, Платон, Аристотель ж. б.

Антикалык Грек философиясы б. з. ч. VII – VI кылымдарда калыптанган. Өзүнүн мүнөзү жана мазмуну, өзгөчө философиялык ой жүгүртүү методу боюнча антикалык философия. Байыркы Чыгыш философиясынын системаларынан түп тамырынан бери айырмаланып турат жана бул философия тарыхта биринчи болуп курчап турган дүйнөнү рационалдуу таанып билүүгө аракет жасаган.

Антикалык философиянын өнүгүшүн төмөндөгүдөй төрт этапты бөлүп көрсөтүүгө болот:

Антикалык философиянын биринчи этабы ( б. з. ч. VII – V кылымдар) Сократка чейинки мезгил деп аталат. Классикалык мезгил. V к. экинчи жарымын жана IV кылымдын көп бөлүгүн өзүнө камтыйт. Мында Сократ, Платон, Аристотель сыяктуу ойчулдардын ишмердүүлүгү менен байланышкан. Эллиндик этап. б. з. ч. IV – II кылымдарды өз кучагына алып, Александр Македонский ( б. з. ч. 356 -323 ) баскынчылык саясатынан тартып, Грециянын римдиктер тарабынан жеңилишине чейинки мезгилдерге созулган. Римдик философия ( б. з. ч. I - б. з. V к. ) Рим империясы жашаган доорго туура келет. - Фалес б. з. ч. 585 – жылдын 28 – майында болуп өткөн күндүн тутумун алдын ала айткан. Фалестин дүйнөнүн башаты суу. Жер жалпак диск сыяктуу болуп сууда сүзүп жүрөт. Жерди ааламдын борбору катары эсептеген.

- Анаксимандр оюу боюнча дүй.. Баш... апейрон ( грекче чексиздик ) Апейрон баш аягы жок, чексиз субстанция. Субстанция – дүйнөнүн негизин түзгөн катмар. Дүйнөдөгү баардык нерселер апейрондон жаралат жана ага айланат деп түшүндүрүлөт. Биринчилерден болуп адам башка жаныбарлардан эвалюциянын негизинде жараган деген ойду айткан.

- Анаксимен – аба деп жооп берген. От бул сейректетилген аба. Коюлануу менен алгач аба шамалга – булутка, тамчысы – сууга – жерге жана ташка айланат. Жан да абадан турат. Аба чексиз мүнөзгө ээ. Абанын коюланышын Анаксимен температуранын төмөндөшү, ал эми сейректешин температуранын жогорулашы менен байланыштырган.


Платон ( бай.-грек. Πλάτων) (б.з.ч. 428 же 427 Афинада туулган — б.з.ч. 348 же 347 өлгөн) — байыркы грек философу, Сократтыншакирти жана Аристотелдинустаты. Адамзаттын «эң жакшы жашоо» маселеси жөнүндө тынчсызданып, Платон аны акыл-эс ишке ашыра турган (бул мезгилдин ойчулдары үчүн акыл-эс каражат эмес, максат болгон) мамлекеттердин моделин түзүүнүн жардамы менен чечүүгө аракет кылган. Платон үчүн идеалдуу мамлекеттин прототиби болуп, байыркы Грециялык мамлекеттүүлүктүн негизги формасы, полис же шаар-мамлекет эсептелген. Платондун ою боюнча идеалдуу мамлекет барыдан мурда адамдын өлбөс жан-дүйнөсүн сактап калуу үчүн зарыл. Философ-моралист катары ал жердеги берекесиз, аянычтуу жашоого каршы чыгат. «Мамлекет»диалогунда Платон алгачкылардан болуп, саясий формаларды мүнөздөөгө кайрылат. Ал саясий формалардын начарлары деп: тимократия, олигархия жана демократияны сүрөттөп кеткен. Акыркысын ал сөзсүз түрдө көпчүлүктүн тираниясына алып келе турган саясаттын башкы кырсыгы деп атаган. Мамлекеттин начар формасына Платон идеалдуу мамлекетти каршы койгон. Идеалдуу мамлекетти – тандалган ойчулдардын акыйкаттуу башкаруусу катары сүрөттөгөн. Платон «сейрек кездешүүчө бул адамдар» гана чыныгы билим менен ак ниеттүүлүктүн баасын билет деп эсептеген. Платондун саясий идеалында инсан, коом жана мамлекет полисте айкалышкан. Катардагы индивидге чыныгы билим тиешелүү боло албайт дегенге ишенип, Платон аны мамлекетке баш ийдирүүгө умтулган. Ал тарбиялоо жана билим берүү системаларын катуу көзөмөлдөөгө алган катмарлардын бекем иерархиясын киргизген: (жогорку тап) ойчулдар – башкаруучулар, жоокерлер жана күзөтчүлөр, кол өнөрчүлөр жана дыйкандар. Башкарылуучулардын жеке эч нерсеси: үй-бүлө, менчиги жок – бардыгы жалпы. Жогорку тап бийликте болгонуна карабай, «мамлекет сунуш кылган жыргалчылыктын биринен да пайдалана алышпайт». «Биз мамлекетти, – деп улантат Платон – анда бирөөлөр гана эмес, бардыгы бактылуу болушу үчүн курабыз». Платондун саясий окуусунда тоталитаризмдин башатын көрүүгө болот. Бирок бир нече кемчилдигине карабай анын ойлорунда мамлекеттүүлүктүн акылга сыярлык негиздерин, жогорку моралдык жан-дүйнөнү табууга мүмкүн.


Сократка чейинки грек философиясынын (б. з. ч. 7–4-к. башы) алгачкы мезгилдеги өкүлдөрүнүн шарттуу аталышы. Философиялык ой жүгүртүүнүн негизги предмети досократиктерге – космос – кадимки эле сезимге таасир берүүчү, коюлтуунун жана суюлтуунун натыйжасында бири-бирине өз ара өтүп кетүүчү стихия катары ойлонулган: жер, суу, аба, от жана эфир. Досократиктерге: Фалес, Анексимандр, Анаксимен, Гераклит, Диоген Аполлонийский, Ксенофан, Пифагор, Пармениджана Элейлик анын окуучулары, Эмпедокл, Анаксагор, Левкипижана Демокрит киришет.