Байыркы акча-товар мамилелери

Википедия дан

Байыркы акча-товар мамилелери. Алгачкы жамааттык бирикмелердин ортосунда өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка бирикмеде даярдалган буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алмашуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белгилеринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруулар арасында тери, сөөк жана курал жасоого ыңгайлуу таш тектерин алмашышкан.

Кийин алмашууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-кылымга чейин Инди океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мисалы, Африка аймагында жипке тизилген 40 кауриден турган шнур (боо) деп аталган акча системасы болгон. 50 шнур бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон.

Меланезияда акча кызматын акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түндүк Америка индеецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн тизилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Моңголияда таш чай (такта чай), байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) өз ара байланыштарда колдонулган.

Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби, ал бузулбайт, көп орунду ээлебейт, сактаганга жана алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орунду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы тыйындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет.

Биринчи тыйындар биздин заманга чейинки 7-кылымдан белгилүү. Кыргызстанда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доорунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-жылы Сокулуктан биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орокторду жергиликтүү уста жасаганы эч талашсыз жана алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.