Бай, социалдык топ

Википедия дан

Бай – Октябрь революциясына чейинки малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. Байлар өндүрүшкө катышпай, букаралардын эмгегинен байлыгын арттырып, малын көбөйтүп, жерин иштеткен. Мисалы, Солтонсары менен Кара-Кужурду ээлеген Калча байдын 10000 кою, 1000 жылкысы, 200 топозу болгон.

Анын малын 21 койчу, 15 жылкычы багышкан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы байлар ири жер ээлери болушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабукалык Калмабай 270 танап (1 танап – 1,6 га жакын) жер ээлешип, ар бири ондогон кедейлердин жана чайрыкерлердин эмгегинен пайдаланышкан. Социализм мезгилинде бай тап катары жоюлган. Бирок, жеке менчикке негизделген азыркы коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында байдын жаңы түрү пайда болду.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]