Бакашова, Жылдыз Кемеловна

Википедия дан

Жылдыз Кемеловна Бакашова (1960-ж. туулган, Каракол шаары) – кыргызстандык таанымал адабиятчы, журналист-педагог айым, филология илимдеринин доктору (1998), профессор.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылдыз Кемел кызы Бакашова Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында 26-апрелде 1960-жылы туулган.

КМУнун журналистика бөлүмүндө (1977–82), КРУИАнын аспирантурасында (1985–1988) окуган.

КазМунун докторантурасында болгон (1996–1998).

Кыргыз журналисттерин даярдоого эмгек сиңирген.

2003-жылдан КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын проректору болуп иштеген.

2005-жылдан тартып Кыргыз улуттук китепканасынын директору болуп иштеп келет.

Өмүрлүк жары Рысбек - белгилүү кыргыз ишкери.

Адабият таануу тармагындагы ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бакашова жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүгүн, поэтикасын талдоого алган белгилүү окумуштуу.

Анын “Ч. Айтматовдун повесттериндеги сүрөттөө каражаттарынын көркөмдүк функциясы” (1992), “Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү” (А. Садыков менен авторлош) (1997), “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруу жана метофора” (1997), “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы стилдик бөтөнчөлүктөрү” (1998), “Өлбөстүк символу”, “Айтматовдун “бороону” (2002), “Кыргыз журналистикасынын тарыхы” (2002) деген окуу китептери жана монографиялары жарык көргөн.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылдын апрел айында ал Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан КР Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды.

2010-жылы да ал КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болуп президенттик жардыкка ылайык дайындалган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]