Бактерициддер

Википедия дан

Бактерициддер (лат. сaedo, өлтүрөм жана бактерия деген сөздөн алынган) – бактерияны өлтүрүүчү заттар. Бактерияны өлтүрбөгөн, бирок анын көбөйүшүн токтотуучу заттар-бактериостатикалык деген ат менен белгилүү. Көпчүлүк Б. башка микроорганизмге карата да активдүүлүгү жогору мите козукарындар, вирустар, мис., фунгициддер Б. касиетке ээ заттар. Б. антисептик; сууну зыянсыздандыруу, дезинфекциялоо, хим.-терапия, дерматологиялык препарат; буюмду жана материалы биологиялык бузулуудан коргоочу, о.эле өсүмдүктөр бактериоз оорусуна каршы колдонулуучу каражат катары колдонулат. Б. катарында төмөндөгү хим. заттар тобу колдонулат:

1. Мол-сында активдүү хлор атому бар бирикмелер гипохлорит, хлоракиташы, Cl2, Na дихлоризоцианурат, N-хлорсукцинимид,хлорамид жана башка Булар сууну тазалоодо жана дезинфекциялоодо колдонулат.

2. Иод, иодоформ-антисептиктер.

3. Ароматтык оксибирикмелер – фенол, крезол, хлорфенол, бензол жана фенилфенол, галогендүү 2,2 дигидрооксидифенилметан жана салицил к-тасынын анилиддери. Бул заттар фунгициддик активдүүлүгү жогору болгон дезинфекциялоочу жана антисептикалык каражаттар.

4. Спирттер-этанол, изопропанол, бензил- жана дихлорбензил спирттери жана башка косметикалык жана фармацевтик препараттар стабилизаторуна кошулуучу зат жана эриткич катарында колдонулат.

5. Окистендиргичтер – Н2О2, СН3СООН, КMnO4, О3 жана башкалар

6. Альдегиддер – формальдегид, глутар альдегиди, о.эле аталган заттарды пайда кылуучу бирикмелер.

7. Күмүш туздары жана комплекстик туздары, сымап туздар жана сымап орг. бирикмелер (фенилмеркурборат, Na-этилмеркур тиосалицилаты жана башкалар).

8. С12-С14-алкиламиндер, гуанидин жана биогуанидин жана башка Химиятерапияда колдонулуучу Б., антибиотиктер, сульфаниламид препараттары пиридин жана пиразин карбон к-талары амиддери жана тиоамиддери, оксихинолин жана 5-нитрофуран туундулары жана башка кирет. Булар токсиндүүлүгү аздыгы жана өзгөчө тандалмалуулугу (мүнөздүүлүгү) менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]