Бактериялык жер семирткичтер

Википедия дан

Бактериялык жер семирткичтер — өсүмдүктөргө керектүү топурак микроорганизми бар препарат. Б. ж. с. чачылган топуракта биол. процесстер күчөп, өсүмдүк азыктанышы жакшырат. КМШ Б. ж. с. нитрагин, азото-бактерин жана фосфоробактерин кеңири колдонулууда. Нитрагин — чанактуу өсүмдүктөргө пайдаланылуучу жер семирткич. Ал чанактуу өсүмдүктөр тамыр бактерияларынан даярдалып, стерилдештирилген жана орг. заттары көп субстратта көбөйтүлөт. Препарат 1896-ж. Германияда алынган. Кийинчерээк Россия, Франция, Чехияда ж. б. мамлекеттерде чыгарыла баштаган. КМШ люпинге, сояга, сераделлага, жер жаңгагына колдонулат. 1 г нитрагинде 30-70 млн тамыр бактериясы болот. Нитрагин орг. жана минералдык жер семирткич менен айкалыштырып колдонулса эффективдүүлүгү жогору болот. Азотобактерин — азотобактер микробу бар жер семирткич. КМШ стандарт б-ча, 1 г азотобактеринде 50 млн ашык азотобактер клеткалары бар. Орг. заты бар топуракта азотобактер тез өнүгүп, өсүмдүк азот менен азыктанышын жана өсүшүн жакшыртат. Фосфоробактерин — курамында микроорганизм споралары бар күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой азыктануучу формага айландырат. Б. ж. с. орг. жана минералдык жер семирткичтер менен бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Б. ж. с. көпкө сактоого болбогондуктан, бир гана сезонго жеткендей өлчөмдө даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]